Пример HTML-страницы

Кочкордо жергиликтүү депутаттар айыл аймактын аталышын Ормон-Хан деп өзгөртүүгө добуш беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунда аймактык реформадан кийин Кочкор айыл аймагына бириктириле турган айыл аймактын депутаттары айыл аймактын аталышын Ормон хан Ниязбек уулунун ысымына которуу боюнча кошмо жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кочкор айыл аймагы болуп бириктириле турган Кош-Дөбө айылдык кеңешинин, Кочкор айылдык кеңешинин, Көк-Жар айылдык кеңешинин жана Семиз-Бел айылдык кеңешинин депутаттары катышкан кошмо жыйында Кош-Дөбө айылдык кеңешинин жана айыл тургундарынын аймактык реформадан кийин бириге турган Кочкор айыл аймагын Ормон хан айыл аймагы деп атап берүү боюнча өтүнүч каты каралды.

Жыйында Кочкор районунун акими жана Ормон хандын урпактары да катышты.

«Буга чейин Жогорку Кеңеште айрым айыл-райондордун аталыштарын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору парламентте үч окуудан өткөн. Ага байланыштуу эгер президент кол койсо, Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагы Ормонхан айыл аймагы деп аталмак. Бирок, президент кол койгон жарлыкка ылайык, Нарын облусундагы айыл аймактарды бириктирген пилоттук реформа ишке ашуу алдында турат. Анын натыйжасында Кочкор районундагы 11 айыл өкмөтү кыскарып, 5 айыл аймакка бириктириле турган болду.

Кош-Дөбө айыл аймагы, Ак-кыя айыл аймагы, Кочкор айыл аймагы, Көк-Жар айыл аймагы, Семиз-Бел айылы бириктирилип, Кочкор аймагы болору белгилүү болду. Ал эми Ормон хандын ысымы Кош-Дөбө айыл аймагына берилген менен айыл аймактары бириккенде өзүнөн-өзү жоюлуп калганы турат. Ошондуктан Кочкор районунда административдик реформа болуп, Кош-Дөбө, Ак-Кыя, Семиз-Бел, Көк-Жар, Кочкор айыл аймагы бириккенде Ормон хан айыл аймагы деп атап берүү сунушубузду колдоп берүүнү өтүнөбүз дешти демилге топтун мүчөлөрү. Демилгечилер Кочкор районунун, Кочкор айыл аймагынын Кочкор айылы деп, Кочкор деген ысым кайталанып жатат. Андыктан кыргыз мамлекетин түптөгөн кыргыздын ханы Ормон Ниязбек уулунун ысымын тарыхта калтыруу максатында Ормон хан атындагы айыл аймагы деп атоо сунушубузду колдоп бериңиздер», — дешти жыйындын катышуучулары.

Жыйында айылдык кеңештин айрым депутаттары Ормон хан Ниязбек уулунун ысымын ыйгаруу боюнча сунушту элдик талкууга коюп көрүүнү айтышты. Айрым депутаттар Ормон хандын ысымын айыл аймакка эмес, Бишкек шаарынын райондорунун бирине коюу керек дешти. Бирок көпчүлүк депутаттар: «Жазгы айдап-себүү өнөктүгү учурунда кайра-кайра чогула албайбыз. Бүгүн эле колго салып кетели» дешкенден кийин аталган маселе добушка коюлду.

Жыйынга бириге турган аймактардын айылдык кеңешинин 72 депутатынын ичинен 47 депутаты катышып, бириктириле турган айыл аймагына Ормон хан Ниязбек уулунун ысымын берүүгө 5 депутат калыс, 42 депутат макул деп добуш беришти.

Эми айылдык кеңештин төрагалары мөөрүн басып беришсе, айылдык кеңештин кошмо жыйналышынын чечими жогорку кеңешке жөнөтүлмөкчү. Жогорку Кеңеш колдоп беришсе, президенттин макулдугу менен аймактык реформадан кийинки бириктирилген айыл аймакка Ормон хан Ниязбек уулунун ысымы ыйгарылмакчы.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Нарын облусундагы айыл аймактарды бириктирген пилоттук реформа боюнча жарлыкка кол койгон. Ага ылайык курамында Кочкор, Теңдик, Исакеев айылдарынан Кочкор айыл аймагы, курамында Кара-Күнгөй, Кара-Саз айылдарынан турган Кош-Дөбө айыл аймагы, курамында Жаңы-Жол, Кара-Суу айылдары турган Ак-Кыя айыл аймагы, Көк-Жар айылынан турган Көк-Жар айыл аймагы жана Семиз-Бел айыл аймагынын Семиз-Бел айылынан турган бириккен айыл аймак Кочкор айыл аймагы деп аталмак.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE