Пример HTML-страницы

Кочкордо социалдык келишим менен ишкерлик баштагандардын жармаңкеси өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунда социалдык келишим түзгөндөр менен биргеликте «Жаңы кадам» конференциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган конференция Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан уюштурулду. Райондун акиминин орун басары Турсунбек Бактыгулов социалдык келишим түзүп иш баштагандарда кандай жетишкендик жана көйгөйлөр бар экенин угуп чыкты.

Көк-Жар айылынын тургуну Мырзабү Асанбекова социалдык келишимдин аркасында таттуу кебез жана жүгөрү бышырып сатуу үчүн керектүү жабдыктарды сатып алган. Анын иш баштагына үч ай болсо дагы жыйынтыгы өзү күткөндөн жакшы.

«Бизнес идеяга мага таттуу кебез жасап сатуу келген. Кочкор районунда таттуу кебез эч ким жасап сатпайт экен. Учурда ишибиз жакшы деп айта алам. Сезон талап кылбай иштей беребиз», — дейт М. Асанбекова.

Катышуучулар тарабынан жармаңке уюштурулуп, ишкерликтин арты менен өндүрүлгөн продукциялар коюлду. Анда сүт, нан, бал азыктары, кол эмгектер, эмеректер жана соода тармагындагы азыктар коюлду.

Аталган долбоор менен жакшы иш баштагандарга сыйлыктар тапшырылды. Мындан сырткары республикалык конференцияга Кочкор районунан алты адам катыша тургандыгы белгилүү болду.

Кочкор районунда 119 үй-бүлө социалдык келишим түзгөн жана ар бирине 100 миң сомдон колдоо берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE