Пример HTML-страницы

Кочкордо мышыкка окшош жаныбар бекитилген короого кирип, койлорду союп кетүүдө (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районундагы малчылардын кой-козуларын сүлөөсүн кырып кетүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ак-Жар айылынын 29 жаштагы тургуну Адилет Айткул уулу билдирди.

«Түнкүсүн короого сүлөөсүн шырп алдырбай кирип, кой-козуларын кырып жеп кетүүдө. Кыштан бери 45 башты тактап айтканда, 26 кой, 4 эчки, 15ге чукул жаш козуларды жеди. Кошуналардыкынан да 15тей кой-козуну жеп кетти. Сүлөсүн мышык сымал болуп, короону канчалык бекитсең да жылчык таап кирип жей берет экен. Карышкыр малды жесе аны атса болот экен. Ал эми сүлөөсүнгө тийгенге болбойт экен. Эмне кылаарды билбей калдым», — дейт ал.

Сүлөөсүн Кыргыз Республикасынын кызыл китебине киргизилген. 1986-жылдан бери сүлөөсүнгө аңчылык кылууга тыюу салынган. Кыргызстандын коруктарында корукка алынган. Сүлөөсүн — үй мышыгы менен тукумдаш жаныбар. Бирок мышыктан бир кыйла чоң. Денесинин узундугу бир жарым метрдей болот. Куйругу кесип койгондой кыска болот. Ал ылдам чуркайт. Дарактарга чыгып кетүүгө жөндөмдүү. Бул жырткыч көбүнчө түнкүсүн күүгүмдө аңчылыкка чыгат. Күндүз токойлордо, тоолордогу чоң таштардын арасында жашынып жатат. Алар тоо текелерге эчкилерге, эликке, коёндорго, ошондой эле канатууларга бөдөнө, кекилик, таранчы сыяктуу майда канатууларды кармап жешет. Сүлөөсүн кыштын аягында жаздын башында эркеги менен жакындашат . Болжолу 70 күндөн кийин 2-3кө чейин балдарды тууйт. Кээде алардын саны 4-5 ге жетет. Энеси менен балдары эки айлык болгондо, уясын таштап ээрчитип, кийинки жылга чейин чогуу жүрүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE