Пример HTML-страницы

Кочкор районундагы  кызыл сызыктан чыккан курулуштар бузулууда

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районундагы кызыл сызыктан чыккан курулуштар алынат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, Кочкор айылындагы муниципалдык аймакка чыккан тосмолор такталып, бузула баштады. Теңдик айылындагы Чоң-Булак көчөсүндөгү тосмолорду бузулду. Тосмо көчөгө 4 метр чыгып калган.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул көчөдөн карама-каршы багытта унаалардын өтүшүнө тоскоолдук жаратылып келген.

«Кочкор айылындагы муниципалдык аймакка чыккан дубалдардын бардыгы алынат. Атайын комиссия карап, үй ээлерине эскертүүлөрдү беришкен. Бирок жыйынтык жок болгондуктан дубал түрттүрүлдү», — дейт Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Исраилов.

Мындан сырткары тротуарларга курулуш материалдарын төккөн жашоочуларга да эскертүүлөр берилүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE