Пример HTML-страницы

Кербен шаардык мэриясы кызматтык бош орундарга үчүнчү жолу жарыя берди

Акыркы жанылыктар

TurmushКербен шаардык мэриясы кызматтык бош орундарга үчүнчү жолу жарыя берди. Бул маалыматты шаар мэри Нурбек Козубаев да ырастады.

Анын айтымында, мэриядагы юрист адистиги боюнча кызмат орун 2 жылдан бери бош турат.

«Азыркы тапта бизде 3 кызматтык орундар бош турат. Негедир жетектөөчү адис юрист штат бирдигине иштөөгө келгендер болбой жатыптыр. Андан сырткары мэрияга салык кызматы боюнча 1 адис, башкы адис экономист-статис боюнча жумуш орундар бош турат. Бул бош орундар боюнча үчүнчү жолу жарыя бердик. Экинчи жолку жарыяда бирөөсү тапшырды эле тесттен өтпөй калыптыр. Эми маяна көбөйдү кызыккандар тапшырып, орундар толуп калар деп күтүп жатабыз», — деди мэри.

Кербен шаар мэриясында жалпы 23 штат бирдиги бар. Район тибиндеги шаардагы калктын саны 28 миңге барат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE