Пример HTML-страницы

Кемин шаарындагы ички көчөгө 10 млн сомго асфальт төшөлүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Кемин шаарындагы ички көчөгө 10 млн сомго асфальт төшөлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кемин шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тукеев көчөсүндөгү жолго асфальт алгач 1980-жылы басылган. Андан бери бир дагы жолу оӊдоодон өткөн эмес.

Узундугу 1 км 700 метр болгон жолго асфальт басууга жергиликтүү бюджеттен 10 млн 500 миң сом бөлүнгөн.

Тендер өткөрүлүп, ага ылайык «Максат Инжиниринг» ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Максат Инжиниринг» ЖЧКсы 10.08.2022-жылы кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси: Жоошбеков Бакыт Болотович. Ишмердүүлүгү: Электр монтаждоо иштери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE