Пример HTML-страницы

Каратэчи Шамил Казакстанда өткөн турнирде күтүлбөгөн окуяны унутпайт

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча орто мектебинин 10-классынын окуучусу Орозбек уулу Шамил 6 жашынан тартып спорт менен машыгып келет. Ал бир топ мелдештерге чыкса дагы Павлодар шаарында (Казакстан) өткөн турнирдеги окуяны унутпайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 2005-жылы жарык дүйнөгө келгем. Атам Орозбек Назаров, апам Гүлсара Гапарова. Өзүм төрт бир туугандын үчүнчүсү болом. Менден улуу агам, эжем жана иним бар. Спортко кичинекей кезимен кызыгам. 6 жашыман тарта каратэ менен машыгып келем. Быйыл 10 жыл болду. Менин спортко болгон кызыгуумду биринчилерден болуп байкаган атам, спорт залга алып барган. Ошол күндөн бери машыгып келе жатам.

Каратэ менен көп ийгиликтерге жетишип, бир топ сыйлыктарды алдым. Алардын айрымдарын айтып өтсөм, 2018-жылы Алмата шаарында өткөн Азия чемпионатында 3-орунду, 2019-жылы Тараз шаарында өткөн Азия чемпионатында 2-орунду алып келгем. Быйыл дагы Казакстандын Нур-Султан шаарында Азия биринчилиги өтүп, анда дагы 2-орунду алдым. Мен машыктыруучум Сергей Шевченкого тереӊ ыраазычылык билдирем», — деди ал.

Шамил 6 жыл мурун болго окуясын унута албайт.

«2016-жыл болчу. Казакстандын Павлодар шаарында мелдеш өттү. Ага Кыргызстандан 4 спортчу барганбыз. Анан мен 4 жолу беттешке чыктым. Канчалык аракет кылганыма карабай, 2-орунду алып калып, аябай капа болдум. Үйгө кубок алып барсам болмок деп, кийинип алып чыгып баратсам, менин аты-жөнүмдү айтып чакырып калышты. Барсам, мыкты техникасы үчүн деп кубок ыйгарышты. Ошондо абдан сүйүнгөм. Ошол турнир эсимен кетпейт.

Келечекте дүйнө чемпиону болгум келет. Мектепте сабактардан анча жакшы эмесмин. Бирок, спортту сүйүп машыгам», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE