Пример HTML-страницы

Каратэчи Байэл Шерматовдун башка спорттогу ийгилиги

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Aрча айылынын тургуну Байэл Шерматов 5 жашынан тартып спорт менен машыгып келет. Ал жакында Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн каратэ боюнча Азия чемпионатында 2-орунду камсыздады. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыз 2004-жылы 1-июнда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген.

«Атам Алтынбек Шерматов, апам Гүлнара Рыскулова, өзүм 5 бир туугандын үчүнсүмүн. Азыркы убакта Төмөнкү Ала-Арча орто мектебинин 11-классында окуп жатам. Спорт менен машыкканыма 12 жыл болду. 5 жашымда атам спорт залга алып барган. Көп ийгиликтерге жетишип, жер кыдырып, эл менен таанышып, көптү көрдүк. Машыктыруучум Сергей Шевченкого абдан ыраазымын. Карантин маалында көп жакка чыга албай калдык. Ошондо башка спорттун түрлөрү менен машыгып жаттым», — деди ал.

Жаш спортчу каратэ боюнча көп ийгиликтерге жетишкенин айтат.

«Каратэден көп ийгиликтерге жеттик. Казакстандын көп жолку чемпиону, КМШ, Азия чемпионаттарынан байгелүү орундарга илинип келдим. ММА боюнча Кыргызстандын 3 жолку чемпиону болдум. Муай-тай жана эр таймаш боюнча Кыргызстандын чемпиону болдум.

Азыркыга чейин эсте калган беттешим Астана да өткөн. Буга көп жыл болуп калды. Өзүмдүн катамдын айынан атаандашым жарым жеӊиш алды. Он секунд калганда болгон күчүмдү жумшап, мен дагым жарым жеӊиш алдым. Жарым финалда кошумча убакытта дагы эки жолу жарым жеӊиш алып, аягында утуп алдым.

Келечекте дүйнө чемпионатына катышып, ийгилик жаратсам дейт. Менин хоббим ушул спорт. Спорт залдан машыгып атып, такыр чыкпай койгон күндөрүм болгон. Машыккан жагат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE