Пример HTML-страницы

Караколдо дагы бир окуучу кыз элди дүрбөлөңгө салды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында 13 жашар кыз дайынсыз болуп жатканы айтылып, жалпы издөөгө чакырыктар жасалган.

Анда тургундар социалдык түйүндөр аркылуу кыз белгисиз жигитке жолугушууга кеткенин, ал ким экенин эч ким билбегендиктен коркунучтуу болуп жатканын айтып чыгышкан. Аны менен катар кыз туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн да ала кеткен.

Бул факт болгондугун Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка караганда, кечээ, 9-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында жергиликтүү тургун 13 жашар кызы үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айтып, милицияга кайрылган.

Ыкчам издөөнүн негизинде болжол менен саат 23:00-24:00 чамасында кыз шаардан табылып, ата-энесине кайтарылып берилди.

  • Мындан 9 күн мурун Каракол шаарында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан окуучу кыз аман-эсен табылган. Ал карагайдын түбүндө уктап калганы айтылган.

Буга чейин Каракол шаарында эки өспүрүмдүн жансыз денеси табылган. Бири өз үйүндө асынып каза болгон. Экинчинин жансыз денеси чуңкурдан табылган.

Мындан улам ата-энелерге түшүндүрүү иштери байма-бай жүрүп, балдарга сак болуу керектиги айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE