Пример HTML-страницы

Караколдо 3 айда оор жана өзгөчө оор кылмыштардан 4 факт катталды

Акыркы жанылыктар

Turmush2022-жылдын 3 айында Каракол шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан 3 оор жана 1 өзгөчө оор даражадагы кылмыш иши козголду. Ал эми былтыр бул аралыкта 5 кылмыш иши катталган.

Каракол шаарынын прокурорунун жардамчысы Элдияр Амангелдиевдин маалыматы боюнча, аталган кылмыштардын бардыгынын бети ачылган. Ден соолукка оор залал келтирүү фактылары боюнча 2 оор жана 1 өзгөчө оор кылмыш иши Каракол шаардык сотуна жөнөтүлүп, соттук териштирүү уланып жатат.

Ал эми тоноо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши учурда Каракол ШИИБдин тергөөсүндө.

«Оор жана өзгөчө оор кылмыштардын себептеринин бири — жарандардын спирт ичимдиктерине азгырылганы.

Андыктан КМШ өлкөлөрүнүн 2022-жылдагы маданий борбору — Каракол шаарынын укук коргоо органдары жарандарды ынтымакка үгүттөп, мыйзам эрежелерин сактоого чакырат», — деди Э.Амангелдиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE