Пример HTML-страницы

Каракол шаарындагы мектептерге жети акенин ысымдары ыйгарылды (сүрөт, тизме)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 5-апрель күнү Каракол шаардык кеңешинин XIII сессиясы өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, ага 31 депутаттын ичинен 28и катышууда. Күн тартибинде негизги 3 маселе жана кошумча маселелер каралып жатат.

Биринчи маселе — Каракол шаарынын мектептерине кыргыз элинин жети акесинин ысымдарын ыйгаруу.

№1 инновациялык мектеп-гимназациясына — Мойт аке;

№2 мектеп-гимназациясына — Кыдыр аке;

№3 мектеп-гимназациясына — Тилекмат аке;

№5 жалпы билим берүү мектебине — Жусуп Абдрахманов;

№6 жалпы билим берүү мектебине — Садыр аке;

№7 жалпы билим берүү мектебине — Карач аке;

№9 жалпы билим берүү мектебине — Сарт аке ысымдары берилди.

Аты коюлган акелердин укум-тукумдары аталган мектептерде материалдык базаларды чыңдоо фонддорун уюштурары айтылды. Ошондой эле аталган мектептерде музей экспозицияларды уюштуруу сунуштары берилди.

2020-жылы Карга акенин ысымы шаардагы №15 мектепке берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE