Пример HTML-страницы

Каракол шаарында жайкы сезон расмий түрдө ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 23-июнь күнү Каракол шаарында жайкы сезон расмий түрдө ачылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анда катышуучулар Каракол шаарынан көл жээкке карай чуркап, жолдогу таштандыны чогултуп барышты. Чогулган таштандыларды ар бир 300 метр сайын каттатып, атайын топтоочу жерге калтырып өтүштү. Ошентип, жалпы 3 тонна таштанды топтолду. Эң көп таштанды чогулткан мекеме-ишканаларга жана тургундарга көл жээгинде эс алууга керектүү белектер берилди.

Андан кийин расмий сезондун ачылышы көл жээгинде болуп, калаа мэри Ч.Бапаев тургундарды жана конокторду куттуктады. Ошондой эле оюн-зоок, концертттик программалар тартууланды.

Пляж муниципалдык болуп, ар жылы ижарага берилет. Бул жылы да тургундардын ыңгайлуу эс алуусуна шарттар түзүлүп, куткаруучулар даярдалганы айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE