Пример HTML-страницы

Каракол шаарында өткөн эл аралык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында Майра Керим кызынын 60 жылдык мааракесине карата «Каракол шаары — КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору» жылдыгынын алкагында кыргыз-казак айтышы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом, маданият министрлигинен 500 миң сом коюлуп, 1 миллион сомдук байге коюлган. Айтышка 12 кыргыз, 4 казак акыны катышкан.

Анда кош байгелер берилди:

Баш байгеге 150 миң сом.

Кутман Садыбакасов (кыргыз акыны);

Рүстөм Кайыртай уулу (казак акыны).

1-орунга 100 миң сом.

Бекжан Базарбаев (казак акыны);

Эсенбек Кийизбаева (кыргыз акыны).

2-орунга 75 миң сом.

Баян Акматов;

Асылбек Маратов .

3-орунга 50 миң сом.

Изат Айдаркулова;

Турат Жумаев.

Калган 8 акыны 30 миң сомдон алышты.

«Казак-кыргыздын ынтымагы, Майра эжебиздин өмүр баяны, тарых айтылды. Каракол шаарында 14-жолу айтыш өтүп жатат. Бул айтышка күйөрмандар өзгөчө көп келди. Алар кол чаап, кубаттап, акындарга дем берип турушту. Эл акындык өнөрдү баалап, колдоп турганы көрүндү», — деди Эсенбек Кийизбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE