Пример HTML-страницы

Кара-Суудагы кырсыктан кийин унаа талкаланып, эки адам ооруканага түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагындагы жол кырсыктан эки адам жабыркады. Ошондой эле жеңил унаа талкаланган.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, 16-ноябрда саат 21:35 чамасында Жаңы-Арык айыл аймагында «ДЭУ Тико» унаасы менен «Фольксваген Жетта» унаалары кагышкан. «ДЭУ Тико» унаасын 1998-жылы туулган айдоочу батыштан чыгышты карай башкарып бара жатып, айылдын ичинде Кара-Кулжа районунун 2001-жылы туулган тургуну К.И.нын башкаруусундагы унааны сүзүп токтогон.

Кырсыктын кесепетинен «ДЭУ Тико» унаасынын айдоочусу жанан анын жанындагы жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE