Пример HTML-страницы

Кара-Сууда жер алдынан табылгаларды алып чыгышты

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу районунун Ак-Жар айылында биздин заманга чейинки II-V кылымдардагы Кушан жана Даван мамлекеттерине таандык шаарчалардын калдыктары табылды.

Изилдөө иштерин Чехиянын Батыш Чех университетинин археологдору, Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетинин мугалимдери, студенттери, магистрлери, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү биргеликте жүргүзүшүүдө. Табылган табылгалар, аларды мындан ары изилдөө боюнча ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы Сабыр Арстанов төмөнкүлөрдү айтып берди.

«Чехиянын Батыш Чех университети менен биздин окуу жайдын ортосунда 2018-жылы ар тараптуу келишим түзүлгөн. Ал келишимдин негизинде бардык факультеттерге өз багыты боюнча илимий багытта түрдүү тапшырмалар берилген. Университеттер арасында студенттерди бири-бирине жиберип, тажрыйба алмаштыруу, кадр даярдап берүү сыяктуу кызматташуулар жүрүп келет. Батыш Чех университетинин археология багыты жакшы өнүгүп, лабораториялык базасы болгондуктан түштүктө изилдене элек көптөгөн объекттерге чогуу археологиялык изилдөө жүргүзүүнү биз сунуштаганбыз. Ошол келишимдин негизинде 14-майдан 14-июнга чейин ал жактан атайын бир экспедициялык топ келди. Азыркы Ак-Жар айылындагы объект 2019-жылы каралган. 2020-жылы 10 күндүк чалгындоо иштери жүргүзүлүп, объект аныкталаганы менен пандемия болуп калып, быйыл келишти. Казуу иштерине тарых факультетинин студенттери, магистирлери катышып, тажрыйба алып жатышат. Ал эми ар бир маданий-тарыхый объекттер Маданият министрлигене караштуу болгондуктан ал органдан да уруксат кагазы алынган. Ошондой эле Улуттук илимдер академиясынан атайын өкүл катышууда», — деди тарыхчы С.Арстанов.

Археологиялык изилдөөгө Батыш Чех университетинин тарых илимдеринин доктору, кафедра башчысы баш болгон геолог, археолог, ботаник, палеозоолог, жалпы 20га жакын адис келген.

Сабыр Арстанов учурда изилденип жаткан Ак-Жар археологиялык эстеликтерин 1950-жылдары археолог Юрий Александрович Заднепровский келип үстүртөн ачып кеткенин айтат. Изилденип жаткан объекттин аянты болжолдуу 1 гектардай. Мындай объекттен дагы 7-8 бар.

«Ал жерди изилдегенде эки катмар табылды. 1-жогорку катмар биздин заманга чейинки II-III кылымга таандык Кушан деген шаардын калдыгы табылып жатат. Ал эми алдыңкы катмарында биздин заманга чейинки II-V кылымдардагы Даван мамлекетине таандык шаарчанын маданий катмары табылды. Окумуштуулардын божомолу боюнча, бул жерлер Фергана өрөөнү менен тоонун ортосундагы чек ара жердеги шаар болгон. Археологдор адамдар колдонгон буюм-тайымдарды, темирден жасалган курал-жарактарды, жаныбарлардын сөөктөрүн, адамдардын сөөктөрүн таап жатышат. Табылган буюмдардын бардыгы Маданият министрлигине өткөрүлүп берилет, Кыргызстанда эле калат. Бардык табылган экспонаттар сүрөткө тартылып, үлгүлөрүн Чехияга алып кетишип, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Геологдор топурактын курамын, казылган жерлерден таш табылса, анын курамын да аныктайт. Палиозоолог болсо, адамдын сөөгүнөн кайсы кылымга таандык экенин, кандай оорулары болгонуна чейин аныктайт. Кытайдан алынып келген дан өсүмдүгү да табылды. Аны да ботаниктер изилдешет. Изилдөөлөрү эл аралык журналдарга жарыяланат. Эгер жетекчиликти изилдөөнүн натыйжалары кызыктыра алса, кийинки объекттер да изилдениши мүмкүн. Негизи келишим 2024-жылга чейин», — деди ал.

Ош облусунда атайын археолог адистиги жок болгондуктан тарых факультети мындан эки жыл мурда өз студенттеринен экөөнү адис катары даярдап берүү үчүн Батыш Чех университетине жиберген. Алар келсе, Ош мамлекеттик университетине жумушка алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE