Пример HTML-страницы

Кара-Сууда түн ичинде чакырууга барган милиционерлер күтүлбөгөн окуяга туш болгон

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунда милиция кызматкерине кол көтөргөн 17 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 17-июлунда саат 23:40да кармалган жаран үйүнө лөлү тектүү жарандар уурулукка кирип, 100 миң сомдук буюмдарын уурдап кеткенин айтып, милицияга кайрылган. Милиция кызматкерлери чакыруу түшкөндөн кийин окуя болгон жерге барышкан. Чакырган жаран милиция кызматкерлерине «Эмнеге түнү келип алдыңар, эртең менен келбейсинерби!?» деп чыр чыгарган. Кызматкерлер бул окуяны маалыматтардын электрондук журналына каттаган. Андан соң тергөөгө чейин териштирүү иштери жүргүзүлө турганын түшүндүрүп жатканда эки тараптуу пикир келишпестик орун алган. Бул учурда аталган жаран милиция кызматкерине кол көтөргөн.

«Милиция кызматкерине кол көтөргөндүгү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын негизинде шектүү 9-августта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү менен жасалган бейбаштык) боюнча кылмыш иш козголгон», — деп айтылат маалыматта.

9-августта Кара-Суу райондук соту шектүү жарандын баш коргоо чарасын карап, 1 ай камакта калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE