Пример HTML-страницы

Кара-Сууда санына бычак жеген жигит окуяны айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу шаарында катталган окуядан улам 2 жигит ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 6-май күнү саат 05:43 чамасында Кара-Суу РИИБдин нөмөт бөлүмчөсүнө Савай айыл аймагынын 28 жаштагы тургуну Т.Б. мас абалда белгисиз жагдайда денесинен жаракат алып, Кара-Суу райондук ооруканасына кайрылгандыгы боюнча кабар түшкөн.

Бул факт Кара-Суу РИИБдин КБРдин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, алгачкы текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ошол эле күнү саат 08:57 чамасында Савай айыл аймагынын 30 жаштагы тургуну А. уулу Н. Кара-Суу шаарынын МЭЗ көчөсүндө учтуу нерседен денесинен жараат алып, Нариман айыл аймагында жайгашкан жеке ооруканасына барганы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Бул факт Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, алгачкы текшерүү иштери башталды. Анын жүрүшүндө, 1993-жылы туулган А. уулу Н.нун денесиндеги жаракатын аныктоо максатында да соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

А. уулу Н. өзүнүн көрсөтмөсүндө, 2023-жылы 5-май күнү саат 21:30 чамасында Ош шаарына досторуна жолукканы жолго чыккан. Ош шаарынан тууганы С.А.нын унаасын алып, достору менен «Ак-Буура» эс алуу борборунда отуруп, кийинчерээк саат 01:00 чамасында ал жерден тарашып, Кара-Суу шаарына келген.

Кара-Суу шаарынын МЭЗ көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн алдына келгенде, тааныш болгон А., Ы. жана Т.Б. деген балдар өз ара сөз талашып жатышканда, унаадан түшүп, аларды урушпасын деген ойдо «койгула» деп айткан. Ал жактагы жигиттер ага: «Сен аралашпай эле кой» деп ачууланып, чөнтөгүн чукулап көзүнө бир нерсени сээп жибергенде, көзү көрбөй калган. Көп өтпөй сол бутунун жоон санынаТ.Бга бир жолу бычак менен сайып жиберген. Ошентип бутунун каны токтобой жаткандыктан Ош облустук ооруканасына барып кайрылган. Ал Т.Б.га карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Учурда окуяга күбө болгондордун өздүгүн тактоо боюнча тергөө тапшырмалары берилип, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Аны менен катар «жабырлануучу уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсүнөн жабыр тарткан» деген маалыматты тактоо боюнча да тийиштүү иш-чаралар жүрүп жатат. Азырынча жогоруда аты аталган жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экендигин тастыктаган далилдер жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE