Пример HTML-страницы

Кара-Сууда кара алтындын баасы кескин түрдө кымабаттады

Акыркы жанылыктар

TurmushӨлкөдө болуп жаткан аномалдуу суук аба ырайы кара алтындын баасына да таасир берди. Ош облусунун Кара-Суу районундагы айрым көмүр сатчу жайларда көмүрдүн баасы 7,5 сомдон 12 сомго чейин көтөрүлгөндүгү белгилүү болду.

Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Ачы айылынын тургуну Осмонбек Оболбеков кечээ, 15-январь күнү райондогу көмүр сатуучу жайларга көмүр сатып алуу үчүн барган. Сатуучулар көмүрдүн килограммы 12 сомдон экенин айтып, анын себебин көмүрдү кыйынчылык менен ташып жатышканы менен түшүндүрүштү.

«Көмүр издеп Фуркатка (Ош—Алай жолунун 3-чакырымына ред.Турмуш) бардык. Анда сатуучулар көмүрдүн баасы көтөрүлгөндүгүн айтышты. Бир «Хондай Портер» үлгүсүндөгү унаада көмүр сатылып жаткан экен. Сурасак, 12 сомдон кем сатпастыгын айтты. Биз барганга чейин бир жердеги көмүрдү 10 сомдон алып, түгөтүп коюшуптур. Суук боло түшсө эле ушинтип бааны асман чапчытып алганы туура эмес да», — деди О.Оболбеков.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аталган көмүр сатуучу жайга барып, сатуучулардан кара алтындын баасы боюнча сурады. Сатуучулар бүгүн, 16-январь күнү көмүрдүн баасы 9,5 сомго төмөндөп калганын айтышты. Бир кун мурда 12 сомдон сатылып жатканын кошумчалашты.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облусундагы башчысы Санжарбек Кокошеров учурда көмүрдүн баасын чектөө боюнча норма бар экенин айтып, мурдагыдай өкмөттүн «баа 20 пайыздан жогоруласа баа чектелет» деген токтомун күтпөстөн айып пул салып жатышканын айтты.

«Азыр мамлекеттик чектөө бар. Буга чейин көмүрдүн килограммы 7,5 сомдон ашпасын деген чектөө койгонбуз. Ошол эле сөз болуп жаткан Кара-Суудагы көмүр сатуучу жайдагы эки субъекте 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин айып пул салганбыз. Учурда кызматкерлер Араван районуна кетишти. Түштөн кийин Кара-Сууга барышат», — деди С.Кокошеров.

Буга чейин Ош облусунун аймагында көмүрдүн килограммы 5 сомдон 8 сомго чейин сатылып жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE