Пример HTML-страницы

Кара-Кулжада сууга түшүп кеткен «УАЗдын» айдоочусу аман калды. Жүргүнчүсү изделүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунда сууга түшүп кеткен айдоочу изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 77-чакырымындагы Күйүк тилкесинде «УАЗ» үлгүсүндөгү унаа сууга түшүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн. С. уулу Ж. аттуу жүргүнчү унаадан чыга албай калып калган. Ал эми айдоочусу өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Жерине издөө-куткаруу иштерине 6 куткаруучу тартылган. Буга кошумча саат 12:40та 17 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 50 адам, ИИМден 6 кызматкер издеп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE