Пример HTML-страницы

Кара-Көл шаарында аскерге чакырылган жоокерлер ант беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында №718 аскер бөлүгүнүн жазгы чакырылышына чакырылгандардын аскердик ант берүүсүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу КР ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, командирлердин жана жакындарынын катышуусунда колдоруна курал кармаган жаш жоокерлер мекенге кызмат кылууга, аскердик милдетин татыктуу аткарууга, Кыргызстандын эркиндигин жана эгемендүүлүгүн эрдик менен коргоого ант беришти.

Аскердик бөлүктүн жооптуу офицерлеринин жана старшиналардын көзөмөлү астында аскерге чакырылгандар күн тартибин, машыгуунун негиздерин, жалпы аскердик жоболордун, аскердик техниканы жана курал-жарактарды колдонууну бир ай бою үйрөнүштү. Келечекте алар аскердик иштердин негиздерин практикалык жактан өркүндөтүүнүн негизинде армиянын күнүмдүк жашоосун башташат.

Куттуктоо сөздү аскер бөлүгүнүн командири, полковник Сардарбек Бакиев айтты.

«Ата Мекенди коргоо — ар бир жоокердин ыйык милдети. Жөнөкөй көрүнгөн бул сөздөрдүн артында мамлекетибиздин тарыхы турат. Миңдеген жарандарыбыз ар бириңерге үмүт менен карап турушат. Бардык иштериңерде ийгилик коштоп жүрсүн», — деди ал.

Салтанаттуу иш-чара жаш жоокерлердин кыска мөөнөттө даярдалган машыгуусу жана кармаш уруш боюнча көрсөтмө берүүлөрү менен уланды. Иш-чаранын соңунда Кара-Көл шаарынын маданият сарайынын чыгармачылык жамааты тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE