Пример HTML-страницы

Кара-Балтада түнкүсүн кемирүүчүлөргө чабуул жасаган канаттуу жырткыч пайда болду (видео, сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарынын айланасында көп сандагы үкүлөр пайда болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Бул канаттуу жырткыч түндө кемирүүчү жаныбарларды жок кылса, ал эми күндүз бак-дарактарда эс алат.

«Көбүнчө бактардан кулактуу үкүлөрдү байкап жатабыз. Түндө алардын издери карда калып жатат. Кардын үстүнөн кемирүүчүлөр — чычкандар жана келемиштер чуркаганын, аларга кол салуу болгонун көрүүгө болот», — деди жергиликтүү тургун Марат Исмаилов.

Эколог адис Александр Сосновскийдин айтымында, үкүлөрдүн жүнү жумшак болгондуктан анын учкан үнү угулбайт.

«Кышында үкүлөр тоо этектеринен Кара-Балта шаарына жакын аймактарга келет. Күндүз бакчаларда, парктарда болуп, түнсүн аң уулоого чыгат. Үкүлөрдү көбүнчө учкан мышыктар деп аташат. Бул сүрөттөн кулактуу үкүнү көрүүгө болот. Ал формасы, түсү боюнча филинге (үкүлөр түркүмүнүн бири түрү) окшош. Бирок бир аз кичирээк.

Кулактуу үкү ток болсо да, кемирүүчүлөргө аңга чыгат. Алар Тянь-Шань тоо этектеринде кара карга жана сагызгандардын эски уяларын байырлап, 4-5 жумурткадан чогултат. Кыргызстанда үкүнүн 10, ал эми дүйнө жүзүндө 144 түрү бар», — деди Александр Сосновский.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE