Пример HTML-страницы

Кара-Балтада эшикте ойноп жаткан 2 жаштагы бала абдан оор абалда ооруканага жеткирилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарында 2 жаштагы баланы поезд сүзүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, окуя бүгүн, 8-апрелде саат 16:30 чамасында Фрунзе көчөсүндөгү темир жолдо болгон. Ал абдан оор абалда Жайыл райондук ооруканасына жеткирилди. Ал 20-апрелде 2 жашка толот.

Жабыркаган бала башка балдар менен чогуу аянтчада ойноп жаткан. Ал жолдон чуркап өтүп, темир жолго чыга калган. Поезддин машинисти белги (сигнал) берип, бирок тургундар баланы жолдон алууга жетишпей калган.

Ал эми оорукананын маалыматы боюнча, жабырлануучу — 2021-жылы туулган Б.уулу.М. жандандыруу бөлүмүндө жатат.

«Анын баш сөөгүнүн негизи, бет сөөгү сынып, бети жабыркаган. Глазко шкаласы боюнча сопор абалында», — деп айтылат маалыматта.

  • Сопор — алсыздык, кыймылдабай калуу, эс-учун билбей калуу, уйку.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE