Пример HTML-страницы

Камчыбек Ташиев байгеге 1 000 000 сом берип, милицияга жаңы унаа тапшырды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунда көк бөрү боюнча республикалык чемпионаттын расмий ачылышы өттү.

Сузак районунун «Телтору» ат майданында өтүп жаткан мелдеште өлкөнүн жети дубанынан келген 35 команда ат салышууда. Турнир милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине жана 9-май — Жеңиш күнүнө карата өткөрүлүүдө.

Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, маркум Молдомуса Конгантиевдин агасы Камбаралы Конгантиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана 3 миңге жакны көк бөрү оюнун сүйүүчүлөр катышты.

Камчыбек Ташиев байгеге УКМКнын өздүк курамынын атынан 1 миллион сом берип, Жалал-Абад ОИИБге 2023-жылы чыгарылган «Тойота Королла» автоунаасын тапшырды.

Мелдеш 2-майда башталган, 9-майга чейин уланат. Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлгө алып жатат.

  • Генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиев көзү тирүү кезинде Улуттук көк бөрү федерациясын жетектеп турган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE