Пример HTML-страницы

Кафедра башчысы Эрмек Чымыров эпоксиддик чайырдан буюмдарды жасап, кошумча киреше табууда

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Эрмек Чымыров гипс жана эпоксиддик чайырдан дасторкондун көркүн ачкан идиштерди жана балдар үчүн оюнчуктарды жасап, киреше табуу жолун өздөштүрдү. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мугалим дайым изденүүнүн үстүндө болуп, жаңы билим алууга умтулат эмеспи. Анын үстүнө мугалимдердин айлык маяналары аз болот. Анан шаар жеринде мал-жандыкты кармоо да кыйыныраак. Күндөрдүн биринде социалдык тармактардан бир кыздын видеосун көрүп калдым. Анда “Бишкек шаарында эпоксиддик чайыр менен ар кандай буюмдарды жасоону үйрөтөбүз” деген жарнама экен. Алардын WhatsApp тайпаларына кошулуп, бул материалдардан жасалган буюмдарга кызыга баштадым.

Тайпадагы катышуучулардын баары кыз-келиндер экен. Башында мага болбой калат го, кыз-келиндердин иши окшойт деп жүрдүм. Бир курс окуудан өттүм, бирок практика болбосо үйрөнүү чынында кыйын. Анан атайын материалдарды алып келип, күндө жасап жатып өздөштүрүп кеттим», — дейт ал.

Каарманыбыз учурда сувенир, копилка (акча салып жыйноо үчүн арналган кичине куту) жана дасторконго керектүү буюмдарды, шахмат жасайт. Алар абдан кирешелүү экенин айтып өттү.

«Мисалы, 1 килограмм гипстин баасы 90 сомду түзөт. Андан 1500 сомдук буюм жасоого болот. Керектүү материалдардын баары Бишкек шаарында сатылат экен. Ал жакка барып, өз көзүм менен көрүп, буюртма берип келдим. Анан 3 ай аралыгында бардык буюмду жасоону өздөштүрө алдым», — дейт ал.

Чымыров мугалим болгондуктан өзү үйрөнгөн өнөрүн эми башкаларга да окутууну пландоодо.

«Бул өнөрдү баары үйрөнүп кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Окуучудан баштап, убактысы көп ардактуу эс алуудагыларга чейин. Ошондой эле, бала менен үйдө отурган энелер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да жасай алышат экен. Мисалы, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар болсо, бекер эле үйрөтөйүн деп жүрөм. Үйрөнгөн адамдар өз айылдарын камсыздап, кошумча киреше табууга мүмкүнчүлүгү болот. Бул жумушка киришип алсаң, абдан кызыктуу. Ар кандай идеялар келет, өзүң каалаган буюмду жасоого болот», — дейт ал.

Анын жасаган буюмдары 100 сомдон 1500 сомго чейин бааланат. Алгач тааныштары сатып алса, учурда атайын буюртмаларды алат.

«Башында тааныштар көрүп, мага бул буюмду жасап бер деп калышчу. Ошентип аларга жасап, алардын тааныштары менин жасаган буюмдарымды көрүп, акырындык менен кардарларым көбөйө баштады», — дейт ал.

Чымыров Эрмек Уркалиевич 1961-жылы 23-июнда Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Долон айылында колхозчунун үй-булөсүндө туулган. 1968-жылы Долон сегиз жылдык мектебине 1-класска кирип, 1976-жылы аяктаган. Ушул эле жылы Талды-Суу айылынын М.Элебаев атындагы мектеп-интернатына кирип, 1978-жылы 10-классты аяктаган. 1979-жылдан 1980-жылга чейин Пржевальск шаарындагы Темир бетон заводунда иштеп, 1980-1982-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1982-1983-жылдары Фрунзе шаарындагы СМУ-I ишканасында кыш кыноочу ишин аркалаган. 1983-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетине тапшырып, 1988-жылы аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун 1988-1989-окуу жылында Ош облунун Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айлынын А.Орозбеков атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенүүдөн баштаган.

1989-1993-жылдары Пржевальск шаарындагы педагогикалык училищесинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеп, 1993-1996-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окутуучу болуп эмгектенген.

Союз тараган жылдары базарда эмгектенип, 2011-2016-жылы ушул эле шаардагы №14-кесиптик лицейинде өндүрүштук окутуунун мастери, 2016-жылдын апрелинен октябрь айына чейин Ысык-Көл облустук балдар спорт мектебинде директордун орун басары кызматында эмгектенген.

Акыркы 8 жылдан бери Каракол шаарындагы И.Бийбосунов атындагы педагогикалык колледжинде кыргыз тили жана адабияты окутуучусу жана кафедра башчысы болуп эмгектенип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE