Пример HTML-страницы

Кадамжайда соймологон курттар жер жайнап кетти (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районунун бир нече айыл аймактарын зыянкеч курттар каптап, эгиндерди зыянга учуратууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, курттардын бул түрү абдан тез көбөйгөндүктөн эгин талаасына жакын жайгашкан турак жайларга чейин жетти.

Жашоочулардын бири зыянкечтерди видеого тартып алып: «Бул эмне деген апаат?», — деди.

Ал эми адистердин айтымында, залакасын тийгизип жаткан зыянкеч көпөлөк болуп учкандан кийин эки миңге жакын жумуртка таштайт. Андыктан зянкечтерди жок кылуу боюнча атайын иш пландар түзүлүп, жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айдар Асамидинов: «Бул зыянкеч курттардын «дикая совка» деген түрүнө кирет. Адистер пайда болуу себебин аба ырайына байланыштырып жатат. Чындыгында дыйкандарга зыянын тийгизүүдө. Андыктан Кадамжай райондук агрардык башкармалыгы тарабынан атайын иш пландар түзүлдү. Тиешелүү адистерди чакырып, дыйкандарга зыяндуу курттарды жок кылууга түрткү болгон химиялык каражаттар сунушталып, жыйынтыгын берүүдө», — дейт ал.

  • Күздүк үкүчө (совка) — полифаг зыянкеч, башкача айтканда өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрлөрүнө зыян келтирүүчү, аларды ылгабай жеген зыянкеч. Кемирип жеген үкүчөлөрдүн тобуна кирет. Курттун узундугу 40-50 мм чейин. Түсү топурак өңдүү — боз, майланышкан жылтырак. Артында жана капталдарында кара тилкелери (темгилдери) бар, башы сары-кызыл. Тамактануусу кечинде жана түнкүсүн жүрөт. Күндүз жерге жакын жалбырактардын ылдый жагында же топуракта жашырынышат.
  • Курттар 3 жашынан баштап жалбырактарды тешип жешет. Ал эми чоңдору жалбырактарды толугу менен жеп, борбордук сөңгөктөрү гана калат.

————————————————-

Буга чейин Тurmush Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Марказ айыл аймагында белгисиз зыяндуу курттар пайда болуп, дыйкандардын айдап-сепкен эгиндерин жеп жатканын жазган.

Аталган айылдын жашоочулары буга чейин эгин талаада мындай курттар жок болгонун айтышкан. Акыркы бир жыл ичинде болуп көрбөгөндөй көбөйүп, бак-дарактардын жалбырактарын кырып, эгиндерди жеп жатат.

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бул зыянкечтери кемирип жечү үкүчөлөрдүн (Noctuidae) бир түрү. Кыргызстанда кеңири жайылган, ал эми Баткен облусунун Кадамжай районундагы Марказ айыл аймагынын Көк-Талаа айылынын эгин талааларында көп санда 2018-жылдан бери катталып келет.

Вегетация мезгилинде зыянкеч 1-4 муунду басып өтүшү мүмкүн. Аталган курттун гусеницасынын тамактануусу кечинде жана түнкүсүн байкалат. Күндүз алар жерге жакын жалбырактардын ылдый жагында же жер үстүндөгү топуракта жашырынышат. Жаш курактагы гусеницалар негизинен отоо чөптөрдү (алабата, просвирник, чырмоок, сүт тикен ж. б.) жешет. Алар жалбырактардын астыңкы бетин эпидермиске чейинки бөлүгүн жабыркатат.

Топуракта болгондо өсүмдүктөрдүн сабактарынын тамыр моюнчасы тарабын жабыркатат. Гусеницалардын чоң курактагылары жалбырактарды тешип жешет, ал эми улуу курактагылары жалбырактарды толугу менен жеп, жалбырактардын борбордук жилкаларын гана калтырышат. Гусеницалар топуракта жашагандыктан, инсектициддерди чачуу таасири аз. Ошондуктан, аларга каршы күрөшүү үчүн кечки сааттарда (гусеницалар топурактын бетине мүмкүн болушунча жакын болгондо) иштетүү же көпөлөктөргө каршы натыйжалуу системалык препараттарды колдонуу сунушталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE