Пример HTML-страницы

Интернетке тараган аял менен эркектин видеосу талкууга кабылууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл өкмөтүндөгү окуя интернет булактарында талкууга кабылды. Видеодо тилден улам чыр чыкканын көрүүгө болот.

Бул окуя боюнча Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Курбанбек Айтибаев төмөнкүдөй маалымат берди.

«Бул окуянын башы 2,5 ай мурун болгон экен. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы, милиция кызматкерлери менен сүйлөштүм. Телефонго тартып, сүйлөп жаткан киши мектепте мугалим болуп эмгектенет. Тажикстандан келип, ошол айылда жашайт жана каттоосу Бишкек шаарында деп маалымат беришти. Аялынын каттоосу жок экен. Ошого “жөлөк пул алам” деп, социалдык кызматкерге келген экен. “Каттоосу жок, бере албайм. Каттоого туруп келиңиз” деп жөнөткөн.

Кийинчерээк 2-3 күн мурун келип, ушундай ызы-чуу кылып, видеого тартып кетиптир. Алгач келгенде “жакшы эле сүйлөшүп, түшүндүргөнбүз” дешет кызматкерлер. Азыркы тапта РИИБдин кызматкерлери бул окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Анын жыйынтыгы менен чара көрүлөт», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE