Пример HTML-страницы

Интернет тартылбаган Кырчын айылынын көйгөйү талкууланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун 20дан ашык түтүн эли жашаган Кырчын айылына иртернет тартылбай, окуучулар тоого чыгып окуганы коллегиялык жыйында сөз болду.

Район акими Жамшит Матанбаев «Кыргызтелеком» ААКнын Жумгал райондук филиалынын кызматкеринен эмне себептен интернет ушул кезге чейин тартылбай жатканын сурады.

«Кыргызтелекомдун» райондогу өкүлү Азат Абдылдаев бул айылга интернет тартуу үчүн кеминде 1 млн сомдой каражат керектигин билдирди.

«Кырчын айылында эл чаржайыт жайгашкандыктан, ал жакка интернет тартуу курч бойдон калууда. Бул боюнча Нарын облустук филиалыбызга кайрылганбыз. Ал жактан болжол менен 1 млн сомдой каражат керек деп айтышкан. Кийин арзандатуу менен 600 миң сом керек дешкен. Бирок ал айылга интернет тартканда, өзүн-өзү актабай калат экен», — деди Абдылдаев.

Дубан башчынын орун басары Адыл Сапаров интернет тартууну колго алууну район акимине тапшырды.

Буга чейин Кырчын айылынын окуучулары онлайн окуу учурунда тоого чыгып, интернет таап, сабактарын окуп келери айтылган.

Кырчын айылы райондун борборунан 22 чакырым алыстыкта жайгашкан. Анда 20 түтүн эл жашап, көпчүлүгү мал багуу жана дыйканчылык менен алектенет. Бул жерге айыл макамы берилген эмес. Себеби, мал багууга ыңгайлашып, кыштоого гана сарайлар гана салынып келген. Кийинчерээк калктын отурукташуусу көбөйүп, турак жайлар курулуп баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE