Пример HTML-страницы

Гүлбара Жаанбаева Жети-Өгүз райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгын жетектеди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына башчысы болуп Гүлбара Жаанбаева дайындалды.

Бул боюнча буйрукка Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы—аким Эрмек Бахавадинов кол койду.

Бүгүн, 11-март күнү жаңы кызматка дайындалган Гүлбара Жаанбаева эмгек жамаатка тааныштырылды.

Буга чейин ал Жети-Өгүз районундагы Липенка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келген. Ал Кызыл-Суу айылдык кеңешинин эки жолку депутаты.

Жаанбаева Гүлбара Шаршембиевна 1967-жылы 23-февралда Нарын шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 баланын апасы. Ал С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде билим алган.

Эмгек жолу:

— 2004-2006-жылдары — Жети-Өгүз районундагы социалдык коргоо башкармалыгынын жөлөк пулдар бөлүмүнүн адиси;

— 2006-2011-жылдары — Жети-Өгүз районундагы социалдык коргоо башкармалыгынын жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси;

2013–2023-жылдары — Жети-Өгүз райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы;

2023-2024-жылдары Жети-Өгүз районундагы Липенка айыл өкмөтүнүн башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE