Пример HTML-страницы

Фермер А.Асадова 130 гектарга кант кызылчасын айдаган. Ал бул өсүмдүктүн аянтын көбөйтүүнү сунуштап жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКүн санап кумшекердин баасы көтөрүлүп жаткандан улам Чүй облусунун Москва районундагы фермер Анара Асадова айдоо аянттарында кант кызылчасын көп өстүрүү, өндүрүү маселесин көтөрдү.

Фермер көп жылдан бери Садовой айылындагы Ф.Энгельс атындагы дыйкан чарбасын жетектейт.

«Ондогон жылдардан бери фермерлик менен алектенип, айыл чарбасы багытында бир топ тажрыйба топтодум. Үстүбүздөгү 2022-жылы 350 гектарга жакын жерди иштетип жатам. Албетте, анда арпа, буудай, жүгөрү, кант кызылчасы жана башкалар бар. Дыйкан чарбам жетиштүү айыл чарба техникалары менен камсыз болгондуктан, күч эмгеги аз сарпталып, түшүмдүүлүк да жакшы. Аба ырайына байланыштуу өткөн жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүк 3-4 эсе жогору. Учурда 130 гектар жерге кант кызылчасын өстүрүп жатам. Анын түбүн жумшартып, отоо чөптөрдөн арылтып, 5-6 жолу суу беребиз. Буюрса, гектарынан орточо 65-70 тонна түшүм алам го. Мүмкүн андан да көп.

Мен фермер, жеке ишкер жана башкаларга кант кызылчасын көп өстүрүүнү, өндүрүүнү сунуштайт элем. Себеби, учурда кумшекердин баасы 100 сомго жетти. Эми арзандайт деп эч ким кепилдик да бере албайт. Ошондуктан, канчалык кант кызылчасына көңүл бөлсөк, баасы төмөндөйт», — деди фермер.

Фермер Анара Асадова тууралуу бул шилтемеден окуй аласыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE