Пример HTML-страницы

Эркин күрөш боюнча өлкөнүн биринчилигинде Жайыл районунун балбандары олжолуу орундарды камсыздашты

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстандын эркин күрөш боюнча биринчилигинде Жайыл районунун балбандары олжолуу орундарга ээ болушту.

2023-жылдын 17-мартынан 19-мартына чейин Бишкек шаарынын Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 2003-2005-жылдары туулган өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү.

Жайыл районунун улук машыктыруучусу Руслан Атакеевдин жетекчилиги менен 5 спортчу катышып, төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишти:

— 74 килограмм салмакта Авазбеков Мухаммеднияз — 1-орун;

— 79 килограмм салмакта Акыбаев Элнур — 3-орун;

— 97 килограмм салмакта Асанакунов Азамат — 3-орун.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын эстелик медалдары жана дипломдору менен сыйланышты.

Үч спортчу тең Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясынын талаптары боюнча, Кыргыз Республикасынын спорт чеберине талапкердин нормативин аткарышкан.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE