Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда көк-тоңдулуктар топтолуп, түн ичинде алардын жеринде эмне болгонун айтышты

Акыркы жанылыктар

TurmushБазар-коргондук ондой тургун президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратына чогулушту, деп билдирет аймактык кабарчы.

Чогулгандар жайытсыз калганын айтып, бул маселени чечип берүүнү талап кылышты.

Райондун Могол айыл аймагынын Көк-Тоңду айылынын тургундары көп жылдардан бери жазгы жайыт катары пайдаланып келе жаткан 40 гектардан ашуун жерге кошуна Чарбак айылынын жашоочулары күздүк буудай сээп салышкан. Мындан улам эки айылдын эли жер талашып, конфликтке барып жатышат.

Нааразы пикирин билдирип чыккан жашоочулардын бири — 67 жаштагы Абыдманап Токтосунов эл малын кайда багарын билбей турганын айтат.

«Могол айыл аймагынын балансында 80 гектардан ашуун жайыт катары пайданылган жер бар. Бирок, айыл өкмөт башчысы быйыл анын 40 гектардан ашуунун кошуна Чарбак айылына эгин айдоого ижарага бериптир. Негизи жайыт жери айдоо жери катары пайдаланылбашы керек. Ал эми, кошуна айылдын эли түн ичинде техникалар менен келип, жерди айдап, буудай сээп салышыптыр. Бул көрүнүш тургундардын нааразычылыгын жаратып, эки айылдын элинин ортосунда конфликт пайда болду. Ушул маселени чечип берүүнү өтүнүп, ыйгарым укуктуу өкүлгө кайрылдык. Жайыт жерин чечип бербесе, биздин малдарды жайлоого чейин кайда багабыз деген суроо бар», — дейт жашоочу.

Чогулгандар менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жолугуп, 6-ноябрь күнү атайын жумушчу топ түзүлүп, элдин маселеси менен жеринен таанышарын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE