Пример HTML-страницы

Видео — Бишкектин сейил бактарында байырлаган Кыргызстандын эң чоң көгүчкөнү

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстандын эң чоң жапайы көгүчкөндөрү — алагүүнү Бишкек шаарынын сейил бактарынан кезиктирүүгө болот.

Шаардагы жапайы көгүчкөндөр элге ушунчалык көнүп, шаардык чөйрөгө ыңгайлашкандыктан, алар адамдарды өздөрүнө бир нече метрге чейин жакындатып, кызыктуу видеолорду тартууга мүмкүнчүлүк беришет.

«Алагүү көгүчкөндөрдүн токойдо жашоочу ири бир түрү. Кыргызстанда бул түр сейрек кездешет. Ошондуктан, анын шаар шарттарына оңой көнүп калганы таң калыштуу.

Алагүү чоң көгүчкөн, чоңдугу тооктукундай. Бирок бак-дарактардын арасында бийикке уя салат. Көбүнчө 2-4 ак жумуртка тууйт. Кыргызстандын орнитофаунасында көгүчкөндөрдүн 12 түрү бар. Биз менен жашаган көгүчкөндөр эки тукумга кирет: көгүчкөн жана бактек. Бактек көгүчкөнгө караганда кичине жана сулуураак. Жалпысынан дүйнөдө көгүчкөндөрдүн 220 түрү бар», — дейт эколог Александр Сосновский.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE