Пример HTML-страницы

Ошто жаш жигитти коркутуп, акчасын тартып алган шектүүлөр 2 айга камалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында тоноого шектелип кармалган эки адам камакка алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаш жигитти коркутуп, акчасын тартып алган эки шектүүнүн баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда 19-ноябрда каралып, 2 айга камалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери адам тоноп жүргөн эки шектүүнү кармалганы маалымдалган.

Маалыматка караганда, 15-ноябрга караган түнү Ош шаарынын Тилеке баатыр көчөсүндө 20 жаштагы К. уулу С. аттуу жаранды белгисиз 2 жаран коркутуп, жанындагы 9800 сом акчасын тартып алып, изин жашырып кетишкен. Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү жарандар издөөгө алынып, 17-ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун 25 жаштагы тургуну С.Т. жана анын шериги — Ош шаарынын 22 жаштагы тургуну Ж. уулу У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүүлөр буга чейин да ушул сыяктуу кылмыш жасагандыктары үчүн соттолуп чыгышкан. Учурда алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (тоноо) негизинде кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE