Пример HTML-страницы

Ош шаарындагы рейдде 12 кичи автобустун айдоочуларына эскертүү берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 5-сентябрь күнү Ош шаарында айдоочулардын жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерине баш ийүүсү, анын ичинде коомдук транспорттун спутниктик мониторинг системасынын стандарттарын сактоосу боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Рейддин алкагында бир катар маршруттук каттамдардын айдоочулары тарабынан спутниктик мониторинг системасынан атайылап өчүрүү фактылары аныкталган. Бул айдоочуларга тартиптик чаралар көрүлүп, 7 күнгө жумуштан четтетилди.

Жалпысынан рейддин алкагында 12 айдоочунун эреже бузганы аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE