Пример HTML-страницы

Ноокаттагы төрөтканада орун жетишсиз болууда. Жаңы имараттын курулушун күтүп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокат райондук төрөтканасында орун жетишсиз болгондуктан жаңы имарат куруу зарылчылыгы бар. Бул тууралуу оорукана башчысы Асамидин Марипов билдирди.

Анын айтымында, райондук деңгээлдеги ооруканалардын стандартка толук жооп бербегендиги, медициналык имараттардын эскилиги жана эң негизгиси — ооруканалардын жетишсиздигинен заманбап медициналык имараттарды куруу замандын талабы болуп калды.

«Ноокат району Кыргызстанда эң чоң райондордун бири болуп саналат. Калкынын саны 310 000 миңге барабар. Жылына 10 000 миңге жакын бала төрөлөт.

Райондук төрөт үйүнүн биринчи кабатында толугу менен кечиктирилгис медицина жардам берүү бөлүмү, бардык лабораториялар, рентген, УЗИ бөлмөлөрү жайгашкан. Төрөт бөлүмү 35 керебетке эсептелген. Чындыгында төрөт үйүндө бир суткада 15-20 төрөт болуп, төрөгөн аялдар жаткан бөлүмдө 40-50 адамга чейин жетүүдө. Ноокат райондук төрөт үйүнө Аравандын Төө-Моюн айыл аймагынан, Кара-Суунун Папан айылынан жана Кичи-Алайдан кайрылышат. Кээде орун жетпей калып, кыйынчылык жаралууда», — деди ал.

Жетекчи белгилегендей, биринчи кабаттагы бөлүмдү көчүрүү үчүн жаңы ыкчам медициналык жардам бөлүмү менен административдик-лаборатриялык корпус куруу зарыл.

«Бул имараттын долбоорунун сметалык документтери толук бүткөрүлүп, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин архивинде турат. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинде да бар. Эгер бул курулуш курулуп калса, төрөт үйү үчүн бардык шарттар толук чечилет.

Жогоруда аталган курулушту курууну Жогорку Кенештин бир топ депутаттарына жана аталган агенттикке бир нече жолу кайрылдык. 2015-жылдан бери агенттиктин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинде курула турган турган объектилердин тизмесине кирип, бирок курулбай калып калдууда. Быйылкы жылы бюджеттен жана чет өлкөлүк инвестициялардан бир топ мектептер жана ооруканалар курулуштун тизмесине кирип жатыптыр. 2023-жылкы тизмеге жогоруда аталган объект кирип, курулуш башталат деген үмүттөбүз», — деди Марипов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE