Пример HTML-страницы

Кеминде 53 жылдан бери түтүн булатып келе жаткан М.Кулболдиев менен Т.Дүйшеева алтын той өткөрүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылынын тургундары — жубайлар Медет Кулболдиев менен Турсун Дүйшеева 53 жылдан бери түтүн булатып жашап келе жатышат.

Медет Кулболдиев 1940-жылы Кара-Булак айылында, Турсун Дүйшеева 1952-жылы Бейшеке айылында туулган. Экөө 1969-жылы 31-августта баш кошушкан.

«Кемпирим Бейшеке деген айылдан биздин Кара-Булак айылына келип, курбуларынын үйүнө жатып окучу. Ошол жерден таанышып, 10-классты аяктары менен башка бирөө алып кетпесин деп алып алгам. Албетте, тамаша. Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп, анан баш кошконбуз.

Өзүм 10-классты эле аяктагам. Атам жок, апам карып, ошонун себебинен жогорку окуу жайда билим алган жокмун. Өзүмдүн атам мен 6 жаш кезимде эле өтүп кетиптир. Кийинки атам мен 26 жашка чыкканда оорудан каза болду. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Эркектен мен, калганы кыздар.

Союз кезинде колхоздо иштедик. Кийин кемпирим бала бакчада иштеп жүрдү. Учурда 3 уул, 3 кыз, 16 небере, 4 чөбөрөбүз бар. Улуу кызым жогорку билимдүү жана үй-бүлөлүү. Ал азыр Москвада иштеп жүрөт. Кезинде Бишкек шаарында мугалим, мектеп директору болуп иштеген. Экинчи кызым Бишкек шаарында банкта иштейт. Үчүнчү кызым Токмок шаарында тигүүчү болуп иштейт. Экинчи уулум 2005-жылдан бери үйдөн чыгып кеткен бойдон жок. Издебеген жерибиз калбады, каякка кеткени белгисиз. Документтеринин баарын үйгө таштап кетиптир. Кичүү уулум айылда, колумда. Дыйкан чарба менен алектенет. Негизи бул кичүү улум менен кичүү кызым эгиздер», — деди Медет ата.

Ал «Катын албай, кайын ал» деген сөздүн төркүнү тууралуу айтып берди.

«Катын албай, кайыӊ ал» деген кеп бекеринен эмес. Жакшы жубай алам десеӊ, кыздын энесин сураштырып, ата-тегин сүрүштүрүш керек. Энеси жакшы болсо, кызы сөзсүз жакшы болот. Биздин убакта баш кошкон жубайлар дүркүрөтүп той берчү эмес. Жаӊы алып келгенде, бир кой союп, туугандарды чакырып, түлө өткөрүп коюшчу. Анан ачуу басарга барып, калыӊын берип келишчү. Мен кайын журтума 5 миң рубль калыӊ бергем. Ал кезде эттин 1 килограммы 5-10 рубль болчу. 5 миӊ рубль кезинде чоӊ эле акча болчу.

Жакында Токмок шаарындагы тойканада алтын той өткөрдүк. Тууган-уругум, куда-сөөктөрдүн баары кошулуп, 160тын тегерегинде киши келди», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE