Пример HTML-страницы

00дө топтолушу милицияга көрсөтмө берүү менен аяктады

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында эки мектептин окуучулары арасында мушташ катталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 22-апрелинде саат 02:00 чамасында Ноокат районунун Т.Кулатов айыл аймагынын Ак-Терек айылында Ж.Бөкөнбаев жана Айбашов атындагы орто мектептеринин 9 жана 11-класстарынын окуучуларынын ортосунда пикир келишпестиктер келип чыгып, өз ара урушуп кетишкендиги жөнүндө кабар түшкѳн.

Бул факт Ноокат РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге жооптуу жетекчи жана ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголду. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө окуя боюнча күбө катары жалпы 18 жашка жете элек окуучу балдар мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышыуусунда суралды.

Күбө катары суралган К.Колдошов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу А.Б. өзүнүн көрсөтмөсүндө башка мектептин жана башка айылдын балдары менен пикир келишпестиктер пайда болгондугун билдирген. 22-апрелге караган түнү саат 03:00 чамасында 20га чукул классташтары өздөрү жашаган айылда, башка мектептин жана башка айылдын балдары менен түзүлгөн пикир келишпестикти чечип алуу үчүн топтолушкан. Алар Т.Кулатов айыл аймагында жайгашкан М.Кудайбердиев атындагы лицейдин жана башка айылдын 25ке чукул окуучу балдары келишип, эки тараптан 50гө чукул бала сүйлөшүү учурунда урушуп кетишкен. Натыйжада анын классташтары Акчал айылынын 2005-жылы туулган тургундары А.А. жана К.К. денесине залал келтирилгендиги белгилүү болгон.

Аталган окуя боюнча жогорудагы аты аталган мектептин окуучулары кайрадан 24-апрель күнү саат 23:00 чамасында Т.Кулатов айыл аймагынын Чоко айылында кайрадан эки тараптан 30 окуучу келген. Башка тараптан Т.Кулатов айыл аймагында жайгашкан К.Кудайбердиев атындагы лицейдин, Э.Эргешов, Т.Айбашов жана Т.Бекиев атындагы орто мектептерини 10-11-класстарынын окуучулары топтолуша баштагандыгы боюнча алдын ала маалымат алынып, мектептин окуучулары топтоло баштаган учурда милициянын участкалык уполномоченный (МУУ) кызматкерлери келип калгандыктан ар кимиси туш тарапка качып жѳнѳшкѳн.

Териштирүү мезгилинде денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага эч ким кайрылбагандыгы такталды. Аталган факт боюнча соттук-медициналык эксперизалары дайындалып, балдардан, алардын ата-энелеринен жана башка күбөлөрдөн окуя боюнча көрсөтмөлөр алынууда. Бирок денелеринен жаракат алган жашы жете элек балдардын ата-энелери эч кимге арыз дооматтары жоктугун билдиришип, арыз жазуудан баш тартышкан.

Ноокат РИИБдин тергѳѳ кызматы тарабынан аталган окуяга тийиштиги бар окуучулардын жана адамдардын өздүгүн аныктоо жана көрсөтмө алуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE