Пример HTML-страницы

Эмне үчүн «Титаникти» чыгарууну каалашат?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Липенка айылынын аймагындагы көл жээкте суунун алдындагы кайыкты чыгарып сатып, жарым акчасын жаштар алууну пландаган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына аталган айылдын башчысы Адис Алиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин кайыкты чыгаруу үчүн бир нече ирет аракет жасашкан.

«Баржаны чыгарабыз деп келгендерге айылдыктар макулдук берген эмеспиз. Өткөн жылдары жаштар кеңешип, кыйыкты чыгаргандарга сатылса, 50 пайыз акчасын бересиңер деп айтканбыз. Ал акчаны айылга алып калып, спорт зал же бала бакча куралы дегенбиз. Айылда экөө тең жок. Алар биздин сунушту угуп, жооп беришкен эмес. Ал эми көл жээкти бузуп, экологиялык зыян алып келген эки жаранды тааныбайбыз. Чынында кайыктын суудан чыгышына 100 пайыз кепилдик жок. Эч ким чыгара алган эмес. Эми бул жылы бюджеттен акча бөлүнүп жатат, айылга спорт зал курабыз», — деди А.Алиев.

———————————————

Ысык-Көлдө эки жаран көлдөн чөгүп кеткен баржаны чыгарууга аракет көрүп, жер кыртышын бузганын Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген.

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын тургундары — 40 жаштагы А.К. жана 32 жаштагы З.К. Жети-Өгүз районунун Липенка айыл аймагынынын түндүк тарабында көлгө чөгүп кеткен баржаны чыгарууга аракет көрүшүп, экскаватор менен жээктин жер кыртышын бузуп, казып салышкан.

Бул факт Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, жер бузуу фактысы орун алганын, же албаганын аныктоо максатында, чогулган материалдар тийиштүү мамлекеттик органына жиберилди.

———————————————

Көлгө чөккөн кайыктардын бирин жергиликтүү тургундар «Титаник» деп атап коюшканын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылынын тургуну Жумакадыр Асанбаев айтып берген болчу.

Анын айтымында, Липенка айылынын төмөн жагында көл жээгинде союз маалында жүк ташуучу кайыктар көп болгон.

«15 мамлекет биригип турган союз маалында Липенка айылынын жээгинде атайын жүк ташуучу кайыктар (баржа) Балыкчы—Каракол каттамында суу үстүндө жүк ташып турган. Бүтүндөй райондон буудай, арпа, көп жылдык чөп дал ошол жерге топтолчу. Анан да бир топ жүктөр Караколдон Рыбачыга — азыркы Балыкчы шаарына, ал жактан Караколго ташылчу эле. 1970-жылы буудай менен корабль чөккөн. Аны Россиядан атайын топ келип чыгарышкан. Бул суу астында калган баржа 1978-жылы шагыл менен кошо чөгүп кеткен. Азыр ошол бойдон суу астында калды. Салмагы кеминде 1,5 миң тонна», — деген ал.

Жергиликтүү тургундар суу тартылгандан бери жээктен кайык көрүнө баштаганын айтышкан. Айыл эли көлгө чөккөн кайыкты «Титаник» деп атап коюшкан. Бул жерге айрым тургундар балык кармоо үчүн келип, эс алып кетишет. Бирок бул жээк кооптуу экенин айтышат. Анткени терең болгондуктан кайык көл алдында калган.

———————————————

Ысык-Көлдүн суусу быйыл өзгөчө тартылып, азайып кеткенин биринчилерден болуп Чолпон-Ата шаарынын тургундары айтып чыгышты. Андан кийин ушундай эле көрүнүштү башка райондун тургундары да байкаганын билдиришкен.

«Көлдүн өзүнүн табигый жаратылышы боюнча 3-4 жыл төмөндөп, 3-4 жыл көбөйүп турчу. Быйыл чындыгында көлдүн деңгээли түшүп кетти. Өлчөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, 30 сантиметрге ылдый түшүп кетти. Ошондо көлдүн жалпы аянтын алып элестетсеңер канча куб суу азайды? Суунун азайышы кар аз жааганы, кургакчылык менен байланыштуу болуп жатат. Былтыркы жылы кар аз болду эле, быйыл да кар жок болуп жатат», — деген Чолпон-Атадагы обсерваториянын окуу борборунун башчысы Кылычбек Кариев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE