Пример HTML-страницы

Эл аралык сынактарга катышкан сүрөтчү Жасминдин эмгектери

Акыркы жанылыктар

TurmushЖасмин Курманбекова Ат-Башы райондук Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин көркөм сүрөт классынын окуучусу. Ал учурда Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинде 6-класста билим алат. Жаш талант менен аймактык кабарчы таанышты.

«Музыкалык мектепте 3 жылдан бери окуп жатам. Кароо-сынактардан калбай катышам. Оюмдагы жана айлана-чөйрөмдө болуп жаткандарды сүрөткө чагылдырып түшүрөм. Чоң атам дагы сүрөттү жакшы тартчу. Ошондуктан мага бул өнөр чоң атамдан өттү го эсептейм. Үйдөгүлөр дагы менин талантыма баа берип, ар бир тарткан сүрөтүмдү таштабай, сактап жүр деп кеңештерин беришет. Апам менен атам сүрөтчүлүк өнөрдү аздектешет», — деди ал.

Жасмин райондук, облустук, республикалык жана эл аралык дагы сынактарга катышып келет.

«Негизи мен кандай сынак болсо дагы баарына катышууга аракет кылам. Сөзсүз түрдө биринчи орунду албасам дагы катышуунун өзү эле жеңиш деп билем. ”Менин сүйүктүү Кыргызстаным” деген кароо-сынакка жайлоону тартып жибергем. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөн кароо-сынакка дагы катышып, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтө алдым. Андан кийин жакында эле Белоруссияга космосту тартып жибердим.

Келечекте стилист болгум келет. Бул кесип керек деп ойлойм. Моданы өздөштүрүп, кийимдерди жаңыча стилде чыгаргым келет. Сүрөтчүлөр сезимтал, кыялкеч болушат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE