Пример HTML-страницы

Эгиз кыздарды төрөгөн келин өзүнөн кичүү күйөөсүнө талап койду

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп райондук соту күйөөсүнөн эгиз кыздары үчүн алимент өндүрүүнү каалаган аялдын арызы боюнча 2024-жылдын 24-январында чечим чыгарды. Турмуш басылмасы маселинин чоо-жайын баяндайт.

Жазылган арыз:

Сотко 1990-жылы туулган Сыягүл (аты өзгөртүлдү) арыз менен кайрылган. Ал 1992-жылы туулган жолдошу Мелис (аты өзгөртүлдү) менен никеге турган. Жолдошу Чүйдөгү айылдардын биринин тургуну. Экөө Россияда жашап жүрүп, 2020-жылы октябрда эгиз кыздуу болушкан. Бирок кыздары туулгандан бери атасы аларга эч кандай моралдык, материалдык жардам бербей алардан өзүнчө жашап келет. Кыздарын жалгыз багып жатат. Азыр эч жерде иштебейт. Ишке тиркелген маалыматка караганда, доогер Сыягүл эгиз кыздары менен Түп районундагы айылдардын биринде өзүнүн апасы менен бирге жашап жатканы айтылган. Ал Мелистен ай сайын туруктуу түрдө 5000 сомдон алимент өндүрүп берүүнү суранган.

Мелис бир нече жолу сотко чакырылып, повестка жиберилген. Бирок ал белгисиз себептер менен сотко келген эмес.

  • Үй-бүлө кодексинин 94-беренесинин 1-бөлүгүндө жубайлар бири-бирин материалдык жактан колдоого милдеттүү экени көрсөтүлгөн.

Соттун өкүмү:

Түп райондук соту 23-январда иштин материалдарын карап чыгып, Сыягүлдүн Мелиске карата келтирген карата келтирилген бала 3 жашка толгонго чейин энесине алимент өндүрүү жөнүндөгү арызын жарым-жартылай канааттандырды. Сыягүлдүн пайдасына Мелистин эсебинен эгиз кыздары 3 жашка толгонго чейин ар ай сайын 2 миң сомдон алимент 2023-жылдын 9-августунан баштап өндүрүлсүн. Эгиз кыздарын багып кароо үчүн алар 18 жашка толгонго чейин үчтөн бир өлчөмүндө алимент өндүрүлсүн. Алимент 2023-жылдын 9-августунан баштап эсептелинсин. Жоопкер Мелистин эсебинен мамлекеттин пайдасына 4 миң 896 сом мамлекеттик алым өндүрүлсүн. Чечимге нааразы тарап 30 күндүн ичинде Ысык-Көл облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE