Пример HTML-страницы

Дептерге жазылган оюн, жансыз денеси зордукталган кыз, өз өмүрүн кыйган 5 келин… Turmush’та жарык көргөн резонанстар

Акыркы жанылыктар

TurmushУзап бара жаткан 2023-жыл окуяларга бай жылдардын бири болду. Аларды Turmush басылмасы Кыргызстандагы, алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөгү окурмандарга жеринде ыкчам, так жеткирүүгө аракет кылды. Бул жылы эң көп окулган 100 маалымат окурмандар тарабынан 4 миллионго жакын каралды.

Албетте бул маалыматтардын арасында элдин көйгөйү, ийгилиги, аймактын турмушу, жаратман каармандардын маектери, кылмыш-кырсыктар жана башкалар бар.

Turmush басылмасы коомчулукта резонанс жараткан кылмыш-кырсыктардын (жол кырсыктан тышкары) тизмесин топтоду.

«Тилин түбү менен кесип салышкан»: Тоңдо айыл элин дуу кылган окуя катталды (видео) — 63 миң 747 жолу каралды;

Ысык-Көлдөгү тургун инисин апасынын көз алдында өлтүргөн. Ал өзүнө Кыргызстанда жок жазаны сурады — 57 миң 477 жолу каралды;

«Окуя тойдон кийин болгон»: Өзгөндө жыныс мүчөсүнөн жабыркаган адам боюнча жаңы жагдайлар — 59 миң 114 жолу каралды;

Ысык-Көлдөн келин алган нарындык кудалардын биринчи жакшылыгы жаза менен коштолду — 50 миң 914 жолу каралды;

«Талаага алып барып зордуктап…»: Ак-Суунун 51 жаштагы тургуну видео кайрылуу жасады — 53 миң 101 жолу каралды;

Оштогу салондо аялдар эркектерге укалоо жасап, жыныстык катнашта болуп келишкен. Кызматтын баасы аталды — 52 миң 844 жолу каралды;

Майлуу-Сууда майрамдык кечеге барган конок үй ээсинин аялына тийишкенден кийин жан берген. Окуянын чоо-жайы — 41 миң 121 жолу каралды;

Кадамжайдагы трагедия: Россиядан кайткан тургун үй-бүлөсү менен жаңы курулган үйүндө жан берди (сүрөт, видео) — 37 миң 763 жолу каралды;

«Тоюмда унаа белек кыласың»: Баткенде достору менен мелдешкен окуучу бала таксистти өлтүргөн — 34 миң 692 жолу каралды;

Ысык-Көлдө маркумдун сөөгүн жууганы киргендер ал жерде эмнени жаап-жашырганы ачыкталган — 35 миң 104 жолу каралды;

«Сен семиз экенсиң»: Түн ортосунда күйөөсүнүн жынысын кесип жиберген 2 балалуу келиндин окуясы — 34 миң 632 жолу каралды;

Оштогу трагедия: Жолдошун жумушка узаткан келин өз үйүндө 3 баласы менен кошо жан берди — 36 миң 025 жолу каралды;

Жети-Өгүздө чабанды издеп жүргөн куткаруучулар үрөй учурган көрүнүшкө туш болушту (видео) — 35 миң 608 жолу каралды;

Жалал-Абаддагы түн, жаш келиндин өлүмү: Окуянын чоо-жайы — 31 миң 816 жолу каралды;

«Кызым, койчу»: Ат-Башыдагы өгөй ата жыныстык катнашсыз кумарын кантип кандырганын айтып берди — 30 миң 935 жолу каралды;

Жаңы эле эне болгон Нурайым 19 жашында өмүр менен коштошту. Анын акыркы күндөрү (сүрөт) — 33 миң 001 жолу каралды;

Ысык-Көлдө таңга маал 4 балалуу келиндин жансыз денеси табылган. Кошуналары айрым жагдайларды айтты — 31 миң 310 жолу каралды;

«Жансыз денеси 2 саат бою пляжда жаткан»: Ысык-Көлдө эс алуучулардын көз алдында жаш жигит жан берди — 28 миң 898 жолу каралды;

Лейлектеги айылда өз өмүрүн кыйган 5 келин: Себеби айтылды — 27 миң 692 жолу каралды;

Өзгөндөгү үрөй учурган окуя: Ооруканадагы тургундун жаракаты тууралуу жаңы жагдай айтылды — 30 миң 587 жолу каралды;

Нарындагы ээн үйдө мыкаачылык менен өлтүрүлүп, жансыз денеси зордукталган кыздын өлүмү. Окуянын чоо-жайы — 29 миң 962 жолу каралды;

Кочкордогу мейманканага барган жигит шериктеринин жыныстык катнашына күбө болгон. Ал окуянын чоо-жайын айтып берди — 28 миң 607 жолу каралды;

Алайдагы тургун башы жарылган абалда үйүнө барган. Бул окуядан кийин 18 жаштагы иниси жан берди — 27 миң 723 жолу каралды;

Үйүнөн качып кеткен эже-сиңдилердин бири жайлоодогу үрөй учурган окуя кийин дагы кайталанганын айтып берди — 28 миң 021 жолу каралды;

«2-3 күн жатсаң, атамда акча көп»: Айылда дүң болгон окуя, жаш келин, балта менен өлтүрүлгөн күйөө — 28 миң 501 жолу каралды;

19 жаштагы жигит менен 15 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды — 25 миң 247 жолу каралды;

Россиядан Ысык-Көлгө келген жаш келиндин өмүрү кыйылды — 25 миң 908 жолу каралды;

Токмоктогу келин түн бир оокумда күйөөсүнүн унаадагы кылыгына күбө болду — 26 миң 348 жолу каралды;

Москвадан уулу үчүн учуп келген атаны адамдардын тобу суук кабар менен тосуп алган. Окуянын чоо-жайы — 25 миң 576 жолу каралды;

«Өлүп калам»: Кара-Сууда 11 жаштагы эркек бала таенесине ээн үйдө зордукталганын айтып берген — 26 миң 974 жолу каралды;

Телефондон таанышкан жигитке барып, жыныстык катнашка макул болгон кыз — 26 миң 038 жолу каралды;

Нарындык жубайлар уулун үйлөнтүп, бирок келиндин ата-энесине кабар берген эмес. Имам алданып калганын айтты — 25 миң 581 жолу каралды;

Нарында мечиттен азан айтып чыккан киши унаасында муунтулуп, көчөдө бир нече жолу бычакталган. Ал эмне үчүн өлтүрүлгөн? — 25 миң 446 жолу каралды;

«Коркконумдан аяшымдын атын айттым»: Өзгөндөгү үрөй учурган окуя боюнча шектүүнүн жубайы үн катты (видео) — 26 миң 174 жолу каралды;

«Союп салыптыр!»: Баткендик студент кыз менен айылдаш жигиттин удаа өлүмүнөн кийинки жаңжал — 26 миң 057 жолу каралды;

Балдыз менен жезденин түнкү окуясы. Кылмыш иш Жогорку сотко чейин жетти — 26 миң 869 жолу каралды;

Түптө май канат сатып жаткан жеринен 3 эркек киши кармалды (видео) — 24 миң 296 жолу каралды;

Ысык-Көлгө эс алууга барып каза тапкан ат-башылык Нуриза жерге берилди. Аны жакындары эскерди — 25 миң 319 жолу каралды;

Жалал-Абаддагы мектеп директору мугалимди жумушка кабыл алгандан кийин 300 000 сом төлөөгө мажбур болду — 24 миң 668 жолу каралды;

«Ириңди сыгып алып, тигип коюшкан»: Ошто 26 жаштагы кыз операциядан кийин өлүмгө дуушар болгон — 23 миң 734 жолу каралды;

Ош шаарында студент жигит өмүр менен коштошту — 23 миң 889 жолу каралды;

Ысык-Көлдө өзүн өлтүргөн окуучу кыз оюн ойногону жана дептерине жазып жүргөнү айтылды — 25 миң 164 жолу каралды;

Нарында өлтүрүлгөн окуучу кыз. Айылдыктар топтолуп, анда айрым жагдайлар белгилүү болду — 25 миң 290 жолу каралды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE