Пример HTML-страницы

Чоң-Алай жана Ноокатта 400 тонналык логистикалык борбор куруу пландалууда

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун эки районуна айыл чарба логистикалык борбор куруу пландалып жатат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чоң-Алай жана Ноокат райондорунда 400 тонналык айыл чарба логистикалык борборлорун куруу пландалууда. Борборлор муниципалдык менчикте болуп, бирок аларды атайын кооперативдер башкарат.

Долбоорлордун жалпы баасы 44 миллион долларды түзөт. Каржылоонун 50%ы Түштүк Кореядагы эл аралык гуманитардык уюм тарабынан, калганы региондорду өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE