Пример HTML-страницы

Чатырда жашап жаткан Өзгөн эли жер бөлүнүп берилүүсүн өтүнүшүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн тургундары жер көчкүдөн улам коопсуз аймакка көчүрүлүп, учурда чатырларда күн кечирип жатышат. Алар тез арада жер маселеси чечилип берилсе, кыш келгенге чейин үй салып алышарын Turmush басылмасына билдиришти.

Жергиликтүү тургун Максуда Ганыбаева учурда күн кечирип жатышкан чатырлар суук болуп жатканын айтты.

«Жер көчкүдөн улам турак үйлөрүбүздү таштап, чатырларда жашап калдык. Неберелерибиздин баарын туугандарга алып барып койдук. Азыркы жерге жашайлы десек, суук экен. Эптеп күн кечирүүдөбүз. Бизге эми эртерээк жер берсе, бир-эки бөлмөлүү болсо да үй салып, балдарыбыз менен чогуу жашамакпыз.

Бул жерде жашоо мүмкүн эмес. Көрсөңөр коркосуңар, тынбай эле сел каптап, жер сүрүлүп келе жатат. Бизге жер бөлүп берсеңер, көчүп кетип калалы. Чынында, бизге Орозо айында оор болууда. Ар тараптан чоңдор келип, биздин абалыбызды сурап билип жатышат. Мынтип, бизге азык-түлүктөрдү алып келип беришүүдө. Ал үчүн рахмат», — деди Максуда Ганыбаева.

Дагы бир жашоочу Дилара Эргешованын айтымында, жер титирөө — аларды үйлөрүн таштап, чыгып кетүүгө аргасыз кылды.

«Эмне болор экен деп күндөн-күнгө коркобуз. Мурун кошуна айылда жер көчкү катталган. 2017-жылкы текшерүүдө жарака пайда болгону айтылган. Быйыл мына жер титирөөдөн кийин эртең менен турсак, жер сүрүлүп жүрүп калыптыр. Анан элге «чыккыла-чыккыла» деп кыйкырып, жүктөрүбүздүн баарын алып көчүп калдык. Айыл өкмөтүнүн жана айылдын башчылары, жер адистери келип, биздин көчүп кетүүбүздү талап кылышты. Ошондой эле ӨКМдин кызматкерлери да келишти. Бул жерде 1998-жылдан бери жашап келе жатканбыз», — деди Дилара Эргешова

Ооган согушунун ардагери Сапарбек Эшбаев алар убактылу жашап жаткан жерге электр зымдары тартылып, суу чыгарылып берилгендигин айтат.

«Өкмөт жана эл тарабынан гуманитардык жардамдар берилип жатат. Аларга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул жерде үй ээлери, аксакалдар жана келиндер калды. Ал эми айыл өкмөттөр тарабынан убактылу жашап жаткан жерибизге электр зымдары тартылып, суу чыгарылып берилди. Көчкү түшөрдөн 2 күн мурун айылдагылар барып, жерди көрүп келгенбиз. Ошол учурда жарака пайда болгон эле. Анан 2 күндөн кийин жер титирегенде, жер сүрүлүп кетти. Негизи жердин баш жагында суу чыгып турган. Жер жумшак болгондуктан айыл өкмөтүнүн жана айыл башчылары, өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн кызматкерлери жерине байма-бай барып, текшерүүлөрдү жүргүзүп турушту», — деди Сапарбек Эшбаев.

Аталган аймактын тургуну Самидин Жусупов жер көчкүдөн улам үйү бузулуп, кайра-кайра үй куруп келгенин белгилейт.

«Жер көчкү алгач менин үй салам деген жеримди басып калды. Былтыркы жылы үйүмдү бузган элем. Быйыл жаңы үй курайын деп жаткан болчумун. Таштарын түшүрүп даярдап алган элем, азыр баарын басып калды. Эл журт-бар экен, учурда өзүбүз жакшыбыз, үй-бүлөбүз аман. Жалпы 6 балам, небере-чеберелерим бар. Азыр алар башка айылдагы туугандарыбыздын үйүндө. Буга чейин жер көчкүдөн улам үйүм бузулуп, кайра-кайра үй салып жүрчүмүн. Эми чек дагы жок, үйүм дагы жок отурам. Калган каткан терек-ташымды кыркып алдык», — деди Самидин Жусупов.

Убактылуу баш калкалоочу жайда жашоочулар үчүн медициналык пункт ачылган. Ал жерде Кызыл-Күнгөй участкасынын тургуну — үй-бүлөлүк дарыгери Сынар Мамасадыкова кызмат кылууда. Анын айтымында, көпчүлүк элдин кан басымы жогорулап кеткен.

«22-мартта жер көчкү катталып, эртеси 23-мартта чатырлар келди. Ошол күнү эле медициналык пункт ачылган. Өзүм ушул жердеги участкада иштейм жана ушул көчкүдө турган айылда жашайм. Бул жерде көпчүлүк кайрылгандардын кан басымы көтөрүлүп кеткендер болуп жатат. Алар «башыбыз ооруп, уйкубуз качып жатат» деп жатышат, бул эми кыжалаатчылыктан да. Көп ойлонгондон кан басымдары көтөрүлүүдө. Негизи кан басымы жоктор да көп ойлонгондуктан, ооруп калып жатышат. Алардын арасында сасык тумоого чалдыгып калгандар да бар. Анткени бул жер суук болуп жатат. Учурда дары-дармектер жетиштүү», — деди Сынар Мамасадыкова.

Кечээ, 28-март күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Кызыл-Күнгөй тилкесинде болуп, жер көчкүдөн жабыркагандар менен жолугушуу өткөрдү. Анда жергиликтүү тургундар жер тилкесин чечип берүүнү өтүнүштү.

«Жер маселеси боюнча, биз райондун акими менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Бир трансформация болгон жер бар экен, бирок жергиликтүүлөр кооптуу деп айтып жатышат. Аны да барып тактайбыз. Аким жана айыл өкмөт башчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жер караштырып беребиз. Биз да жер маселесин болушунча эртелетип, элге жер бөлүп бергенге аракет кылабыз. Эл кышкы суукта калбашы керек. Кыш мезгилине чейин өз үйлөрүнө кирип алышы зарыл. Өзгөн району боюнча, 1 миң 500 жерде жер көчкү болот деген жыйынтыктар бар. Мындан сырткары Кара-Суу, Алай жана Кара-Кулжа райондорунда деле бар. Эң көйгөй жараткан аймак — бул Өзгөн району», — деди Зиядин Жамалдинов.

Жамгыр жааса, жер көчкүнүн жылуусу активдешерин Ош облусунун өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Нурдин Шаматов айтты.

«Ош облусу боюнча, 2 миң 222 объект кооптуу аймакта жашайт. Анын ичинен Өзгөн району боюнча, 1 миң 504 аймак кооптуу болуп эсептелет. 822 объект мамлекеттен жардам алган, жер тилкеси берилип, бирок көчө электер. 677 объект мамлекеттен жер тилкесин жана жардам ала элек болуп эсептелет. Бул көчкү 22-март күнү эртең менен саат 05:00дө түшкөн. Жалпы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистеринин берген маалыматы боюнча, 1 млн куб метрге түшкөн. Азыркы тапта аталган жерде жердин жылуусу жүрүп жатат. Бул жер көчкү, жердин ордунан 10 күн, дээрлик 1 ай жүрүшү мүмкүн. Азыркы тапта аны текшерип, жыйынтык чыгарууга болбойт. Качан жердин жылуусу токтогондо тиешелүү адистер текшерип, маалымат беришет. Ага чейин кооптуу деген 18 үйдү көчүрүп, 18 чатыр убактылуу орнотулду. Анын ичинен бирөөсүнө атайын алгачкы тез жардам үчүн медпункт жайгаштырылган. Учурда 85 жаран жашап жатат. Ал жерге жарандык коргоо кызматкерлери электр жарыгын чатырларга орнотуп, таза суу тартып, шарттарды түзүп беришкен. Эгерде жамгыр жаап, көбөйө турган болсо, көчкүнүн активдешине таасирин тийгизет», — деди Нурдин Шаматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE