Пример HTML-страницы

Чүйдөгү тургун 18 жаштагы өкүл кызын зордуктоого аракет жасаган деп айыпталып жатат. Келиндин апасы эмне дейт?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районундагы тургун 18 жаштагы өкүл кызын зордуктоого аракет жасаган деп шектелип жатат. Бул факт боюнча кылмыш иш козголуп, шектүү соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.

Turmush басылмасына жабырлануучунун апасы комментарий берди. Анын айтымында, окуяга чейин шектүү — 37 жаштагы Ж.К. аларга конокко келген. Ал экөө бала чагынан бери дос болчу. Ошол эле күнү өзүнүн кызы да конокко келген. Ал 1 ай мурун турмушка чыккан.

14-июнда саат 03:00 чамасында аталган адам чечинген абалда өкүл кызы — 18 жаштагы Алия (аты өзгөртүлдү) жаткан бөлмөгө кирген. Андан кийин анын кечки кийимин (пижама), ич кийимин чече баштаган. Алия каршылык көрсөтүп, жардамга чакырганда оозун колу менен жапкан. Алиянын апасы кошуна бөлмөдө уктап жаткан. Аны ойготуп албоо үчүн Ж.К. келинди башка бөлмөгө алып барган. Ал Алияны өбүүгө аракет жасап, футболкасын жана бюсгалтерин айрып, жыныстык мүчөсүн тийгизген. Каршылык көрсөтпөсүн деп Алияны башка чапкан.

Бул учурда бөлмөгө келиндин апасы кирип барган, ал ызы-чуудан ойгонуп кеткен.

«Бөлмөгө кирип, кызымды бошотуп алдым. Ж.К.ны мурунтан тааныйм, ал буга чейин зордуктап, адам өлтүргөнү үчүн 9 жыл абакта отуруп чыккан. Бул окуядан кийин коркуп, аны кийимдери менен кошо батирден чыгарып жибердим. Мынча күч кайдан пайда болгонун билбейм», — деди жабырлануучунун апасы.

Бүгүн, 16-июлда Жайыл райондук сотунун тергөө судьясы шектүүнү 2 айга — 2022-жылдын 14-сентябрына чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Ж.К. Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренесинин (зордуктоого аракет жасоо) 1-бөлүгү боюнча айыпталып жатат. Анын 3 өспүрүм кызы бар. Өзү 1985-жылы Чүйдөгү Москва районунун Беловодск айылында туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE