Пример HTML-страницы

Чүйдүн психоневрологиялык мекемесиндеги бейтаптардын видеосу интернетке тарап, талкууларды жаратты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй районунун Искра айылында жайгашкан Токмок шаарынын №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин короосунда бийиктиги 2 метрден ашкан аӊды казып, иштеп жаткан жарандардын видеосу социалдык тармактарда талкууга кабылды.

Анда күндүн мээ кайнаткан ысыгында ден соолугугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды оор жумушка салып жатышканы айтылат.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы бул видео боюнча аталган мекеменин директору Улукбек Усупбековдон түшүндүрмө сурады.

«Ушул жылдын апрель айынан бери канализация казуу иштери демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлдү. Бул система 1968-жылдан бери жасалган эмес. Жумуш экскаватор тартуу менен аткарылган. Ал эми бүтүрүү иштеринин аз гана бөлүгү эмгек терапиясынын алкагында бир нече бейтаптар арасында уюштурулган.

“Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамга (12-берене) ылайык, стационардык социалдык тейлөө уюмдарында жашаган камкордукка алынгандар физикалык абалын эске алуу менен эмгек терапиясына катыша алышат.

Мекемеде акыл-эс оорусунан тышкаркы дагы бейтаптар жашайт. Алар бөлүмдөн чыгып, мектеп-интернаттын аймагын кыдырып, өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде эмгек терапиясы менен алектене алышат. Бул видеодо орун алган учур дагы эмгек терапиясы учуру болчу», — дейт Улукбек Усупбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE