Пример HTML-страницы

Чүй облусунда гилтейген козу карындар пайда болду. Аны жегенге болобу? (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Казакстан менен чектешкен аймагында жааган жамгырдан кийин чоң талаа козу карындары пайда болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

«Бул ак талаа козу карындары. Чүй облусунда Казакстан менен чектеш жерде өсөт. Аларды жыл сайын чогултуп, көбүнчө Казакстанга “тынч аңчылыкка” барчубуз, бирок эки жылдан бери чек ара жабык. Чек аралар ачылганда, кайра козу карынды көрөбүз деген үмүттөбүз», — деп ой-максаттары менен бөлүштү Бишкек шаарынын тургуну Владимир Хорошев.

Биолог Ирина Стежко козу карын боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

«Жаздын эң жакшы белеги — талаа козу карындарынын пайда болушу. Бул Кыргызстандын табиятынын эң түшүмдүү козу карындары. Талаа козу карындары топ-топ болуп, жарык жана жылуу жерлерде таштардын, чөптөрдүн жана пияздуу өсүмдүктөрдүн арасында өсөт. Капкагы чоң, диаметри 40 сантиметрге чейин жетет. Капкактын астыңкы бөлүгү ак, пластинкалары сабакка жылмакай өтөт. Аталган козу карындардын салмагы 3 килограммга чейин жетет. Бул козу карындарды адамдар гана жебестен, козу карындардын бүт плантацияларын тез эле жок кылган жер тайгалары жана карагайлар да оңой жешет», — деди ал.

Кыргызстанда козу карындардын 2100дөн ашык түрү белгилүү. Андан ичкери тамак-аш катары колдонулуучу 98 түрү аныкталган. Козу карындардын көбү өсүмдүк илдетин, айрымдары адам ооруларын (таз, трихофития, кандидомикоз жана башкалар) пайда кылат. Айрымдарынан витамин, антибиотик, лимон кислотасы жана башкалар алынат. Ачыткы козу карындар нан, пиво ачытууда керектелет. Уу бөлүп чыгаруучулары да бар. Айрым түрү жыгач курулуштарын бузат, сактаган мөмөлөрдү, техникалык өсүмдүктөрдү чиритет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE