Пример HTML-страницы

Бишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунун тилкесинде 2 жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунда эки жүк ташуучу унаа биринин үстүнө бири кулап, электр мамысын талкалады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Кечээ, 20-январда болгон кырсыкты Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБ басма сөзү тастыктап, эч ким жабыркабаганын билдиришкен. Анда бир жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, капталынан жыгылганы айтылган болчу.

Электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы кыйраган электр мамысы жеке менчик тараптарга таандык экенин билдиришти.

Күбөлөр кырсык болгон күнү электр мамыларын электр кызматкерлери оңдоп жатышканын айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE