Пример HTML-страницы

Белгилүү фарздар

https://kyrgyzcha.site/?p=39246&preview=true Акыркы жанылыктар

📖ИСЛАМ ДИНИ

Белгилүү фарздар

 

Отуз үч фарз

 

Таяммумдун фарзы үч деген аалымдар да бар. Анда бардыгы отуз үч фарз болот.

 

Ыймандын шарттары (6)

 

1. Аллаху тааланын бар жана бир экенине ишенүү.

2. Аллаху тааланын периштелерине ишенүү.

3. Аллаху таала жиберген китептерге ишенүү.

4. Аллаху тааланын пайгамбарларына ишенүү.

5. Акырет күнүнө ишенүү.

6. Тагдырга, б.а., жамандык жана жакшылыктын Аллаху тааладан экендигине ишенүү.

 

Исламдын шарттары (5)

 

7. Калимаи шахадат келтирүү.

8. Күн сайын беш жолу маалы киргенде намаз окуу.

9. Мал-мүлкүнүн зекетин берүү.

10. Рамазан айында күн сайын орозо кармоо.

11. Колунда бар, күчү жеткен адамдын өмүрүндө бир жолу ажыга баруусу.

 

Намаздын фарздары (12)

 

А.Намаздын жети тышкы фарзы бар.Булар шарттары да деп аталат.

12. Хадастан тахарат (тазалануу).

13. Нажестен тахарат (тазалануу).

14. Сатр-и аврат (Аврат жерлерди жабуу).

15. Истикбал-и Кыбла (Кыбыланы кароо).

16. Убакыт.

17. Ниет.

18. Ифтитах же тахрима такбири.

Б. Намаздын беш ички фарзы бар.

Алар рукун деп аталат.

19. Кыйам.

20. Кыраат.

21. Руку.

22. Сажда.

23. Када-и ахира (соңку отуруу).

 

Даараттын фарздары (4)

 

24. Даарат алып жатканда бетти жуу.

25. Колдорду чыканак менен бирге жуу.

26. Баштын төрттөн бирине масх тартуу.

27 Бутту кызыл ашыктары менен бирге жуу.

 

Гусулдун фарздары (3)

 

28. Оозду жуу. (мазмаза)

29. Мурунду жуу (истиншак)

30. Денени толугу менен жуу.

 

Таяммумдун фарздары (3)

 

31. Жунуптуктан же дааратсыздыктан тазалануу үчүн ниет кылуу.

32. Эки колду таза топуракка уруп, бетке масх тартуу.

33. Эки колду таза топуракка уруп, сол кол менен оң колду, оң кол

менен сол колду чыканактан алаканга чейин сылоо.

 

Элүү төрт фарз

 

1. Аллаху тааланын бир экенине ишенүү.

2. Халал тамак-аш жеп-ичүү.

3. Даарат алуу.

4. Беш маал намаз окуу.

5. Намаз үчүн аялдардын хайздан жана бардык мусулмандардын жу-

нуптуктан тазалануу үчүн гусул алуулары.

6. Ырыскынын Аллаху тааладан экендигине жана ырыскыга Аллаху

тааланын кепил экендигине ишенүү.

7. Адал, таза кийим кийүү.

8. Хакка тобокел кылып, эмгектенүү.

9. Канаат кылуу.

10. Берген ырыскылар үчүн Аллаху таалага шүгүр кылуу. Б.а., аларды

буйрук ылган жерлеринде колдонуу.

11. Тагдырга ыраазы болуу.

12. Кыйынчылыктарга сабыр кылуу.

13. Күнөөлөрдөн тообо кылып, баш тартуу.

14. Аллах ыраазычылыгы үчүн ибадат кылуу.

15. Адам жана жин тайпасынын шайтандарын душман деп билүү.

16. Куран-и Каримдин өкүмдөрүнө ыраазы болуу.

17. Өлүмдүн акыйкат экенин билүү жана өлүмгө даярдануу.

18. Аллахтын досторуна дос, душмандарына душман болуу. Бул —

хубб-и филлах жана бугд-и филлах деп аталат.

19. Ата-энеге жакшылык кылуу.

20. Жакшыга үндөп, жамандан кайтаруу (амр-и маруф нахй-и мункар).

21. Махрам болгон туугандар менен аралашып туруу.

22. Аманатка кыянат кылбоо.

23. Ар дайым Аллаху тааладан коркуп, харам иштерден сактануу.

24. Аллаху таалага жана Расулуна (ﷺ) баш ийүү. Б.а., фарздарды орундап,

харамдардан сактануу.

25. Күнөөлөрдөн качып, ибадат менен алектенүү.

26. Улул-амирге, жетекчилерге баш ийүү.

27. Ааламга сабак (ибрат) назары менен кароо.

28. Аллаху тааланын бар экенин ойлоо.

29. Тилин жаман сөздөрдөн коргоо.

30. Жүрөктү дүнүйөлүк нерселерден тазалоо.

31. Эч кимди маскара кылбоо.

32. Харам нерсени карабоо.

33. Кандай абалда болбосун сөзүндө туруу.

34. Кулагын харам нерселерди тыңдоодон коргоо.

35. Илим үйрөнүү. (Фарздарды,харамдардын эмнелер экендигин окуп

үйрөнүү.)

36. Тараза жана башка чен-өлчөм каражаттарын дурус колдонуу.

37. Аллаху тааланын азабынан коркуу.

38. Мусулман кембагалдарга зекет берип, көмөк көрсөтүү.

39. Аллаху тааланын ырайымынан үмүт үзбөө.

40. Напсиге баш ийбөө, анын жаман каалоолоруна берилбөө.

41. Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүн ач адамдарды тойгузуу.

42. Жетиштүү өлчөмдө ырыскы табуу үчүн эмгектенүү.

43. Мал-мүлкүнүн зекетин, түшүмдүн ушурун берүү.

44. Хайз абалындагы жана жаңы төрөгөн жубайына жакын болбоо.

45. Жүрөгүн күнөөлөрдөн тазалоо.

46. Бой көтөрүүдөн сактануу.

47. Балагатка жете элек жетимдин мүлкүн коргоо.

48. Уул балага жакындабоо. (Б.а., ливата кылбоо. Ливата — чоң күнөө. Педофилия, гомосексуализм)

49. Беш маал намазды убактысында окуп, каза кылбоо.

50. Зулумдук менен эч кимдин мүлкүнө кол салбоо, тартып албоо.

Ажырашкан аялынын махр акчасын төлөө кул акысына кирет.Төлөбөсө дүйнөдө жана акыретте чоң азапка тартылат. Кул акысынын эң маанилүүсү ­ туугандарына жана кол алдындагыларга Аллаху тааланын буйруктарын үйрөтпөө. Аларга дин илимин үйрөтүүнү таштап кою. Алардын жана бардык мусулмандардын динин үйрөнүүлөрүнө, ибадат кылууларына зулумдук менен же алдоо менен кедерги болгон адамдын капыр, Ислам душманы экендиги белгилүү болот. Бидатчылардын, маз-

хабсыздардын Ахли сүннөт ишенимин өзгөртүү, динди, ыйманды бузуулары ушундай.

51. Аллаху таалага шерик кошпоо.

52. Зинадан качуу.

53. Шарап жана алкоголдук ичимдиктерди ичпөө. Спирт ичимдиктери оор нажис болуп эсептелет.

54. Жок нерсеге ант ичпөө.

 

УММАТИ МУХАММАД

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE