Пример HTML-страницы

Beeline IT-курстарынын мыкты бүтүрүүчүлөрүнө сыйлык берди

Акыркы жанылыктар

TurmushБелгилүү жазуучу Рэй Брэдбери: «Мен китепканадан билим алгам. Толугу менен акысыз» деп айткан эле. Билайндын IT-курстарынын катышуучулары үчүн бул цитата түз мааниге ээ болду. Бир нече ай бою алар санариптик кесиптерди окушту жана сабактардын негизги бөлүгү №9 китепкананын базасындагы коворкинг борборунда өттү.

Beeline Кыргызстандагы билим берүү демилгелери фонду менен биргеликте талаптуу IT-адистиктери боюнча курстарды уюштурду. Долбоордун 2-этабы өткөн жылы башталган. Ал Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 75 катышуучуну бириктирип, 5 багыт боюнча маалыматтык технологиялар тармагындагы мыкты адистерден билим алууга мүмкүнчүлүк түздү.

Оффлайн жана онлайн сабактардан тышкары студенттер үчүн IT-компаниялар боюнча экскурсиялар, тимбилдингдер жана эксперттер менен жолугушуулар уюштурулду. Эми биринчи бүтүрүүчүлөр алган көндүмдөрүн иш жүзүндө колдонууга даяр.

Март айынын башында Beeline кеңсесинде «Долбоордук менеджмент» жана «Маалыматтык коопсуздук» багыттарынын катышуучулары үчүн бүтүрүү кечеси болуп өттү. Бул эки программа боюнча окууну жалпысынан 27 студент ийгиликтүү аяктады. Алар акыркы сынактан өтүп, калыстар тобуна долбоорлорун көрсөтүштү. Калыстар катары «Бай Түшүм» банкынын, ManchoDevs жана The Cramer Project компанияларынын, ошондой эле Beeline уюлдук операторунун өкүлдөрү чыгышты.

«Биз үчүн социалдык жана билим берүү боюнча демилгелерибиздин коомго реалдуу пайда алып келүүсү маанилүү», — дейт Beeline Кыргызстандын коммерциялык директору Александр Атаманов.

Жаштарыбыз өнүгүп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошушун каалайбыз. Акысыз IT-курстар маалыматтык технологиялардын доорунда эң көп талап кылынган кесиптерге жеткиликти камсыз кылат. Бул долбоор жаштарга окуудан өтүп, билим алуу, ордун табуу жана киреше табуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга жардам бергенине абдан кубанычтабыз.

Экзамендерден кийин иш-чаранын кызыктуу бөлүгү болгон жыйынтыктарды чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо менен коштолду. «Долбоордук менеджмент» боюнча 1-орунду үй кожойкеси Анна Елизарова ээлесе, «Маалыматтык коопсуздук» багытында 1-курстун студенти Динайым Дубанаева өзүн мыкты көрсөттү.

Жеңүүчүлөргө Beeline компаниясынан баалуу сыйлыктар — 5G-ни колдой турган смартфондор тапшырылды. Мындан тышкары, IT-курстарынын мыкты бүтүрүүчүлөрү маектешүүгө жана ири компанияларга стажировкага чакырылды. Эми алар ал жерден мындан да көбүрөөк билим жана тажрыйба ала алышат.

Beeline жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт…

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE