Пример HTML-страницы

Beeline өз номуруңузду өзүӊүзгө каттоо канчалык маанилүү экенин эсиӊизге салат

Акыркы жанылыктар

TurmushSIM-картаны сатып алууда номурду каттоо бардык сатуу түйүндөрүндө кадимки процедура болуп калды. Ошондой болсо да, номур ээсине берилбей калган учурлар бар: исалы, SIM-карта колдон сатылып алынган, белекке берилген же мурунку ээсинен мураска калган. Beeline уюлдук оператору сиздин катталган колдонуучу экениңизди текшерүүгө чакырат.

Номурду сиздин атыңызга каттоонун негизги артыкчылыктары — коопсуздук жана ишенимдүүлүк. Анткени каттоо алдамчылык аракеттерден коргоонун кепилдиги катары кызмат кылат. Мындан тышкары, ал төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

• SIM-карта же телефон жоголгон учурда номурду оңой жана тез калыбына келтирүүгө;

• Номуруңузду толугу менен башкарып, окуялардын чоо-жайын алууга;

• Жеке маалыматтардын купуялуулугун ишенимдүү коргоого.

Beeline’дын абоненттери өздөрүнүн каттоо статусун *142# командасын терүү менен текшере алышат. Буга жооп катары номурдун ээсинин баш тамгаларын камтыган SMS билдирүү келет. Эгерде алынган маалыматтар туура эмес болсо, анда сиздин номуруңузду каттоо зарыл.

Номуруңузду өзүӊүзгө каттоо үчүн өздүгүӊүздү күбөлөндүрүүчү документ менен жакынкы Beeline кеңсесине кайрылсаӊыз болот. Паспорт ала элек эӊ жаш кардарларыбыз үчүн келишимди алардын ата-энелери же жакын туугандары түзө алышат. Процедура бекер жүргүзүлөт жана көп убакытты талап кылбайт.

Ошондой эле номуруңузду «Мой Beeline» мобилдик тиркемеси аркылуу каттасаңыз болот. Ал үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

1. Тиркемедеги негизги «меню» (тизме) сабынан «Дагы» бөлүмүнө өтүңүз.

2. «Каттоо» бөлүмүн ачыңыз.

3. Паспортуӊузду эки тарабынан сүрөткө тартып алыңыз.

4. Паспортуңуздун маалыматтарын текшериңиз.

5. Паспортуңуз менен жүзүңүздү сүрөткө (селфи) тартыңыз.

6. Код сөздү ойлоп табыңыз.

7. Келишимди текшерип, ага кол коюңуз.

Бул жөнөкөй кадамдар маалыматтарыңыздын корголушун камсыз кылууга жардам берет. Мындан тышкары, номурду каттоо процедурасы аяктагандан кийин абонентке Beeline’дан бонус — 5 ГБ көлөмүндө интернет-топтому белекке берилет.

Beeline менен бирге жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү ач!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE